Евразияга сереп салуу-51

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын Орусияга сапары

Евразияга сереп салуу-51

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырымдын Орусияга сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырым 6-декабрда Орусияга алгачкы расмий сапарын ишке ашырды. Йылдырым алгач Москвадагы Эл аралык мамилелер институтунда студент, академик жана бюрократтар менен жолугушту жана катышуучуларга: «Бул аймактын келечегинин кандай болоорун биз чече алабыз»,- деди.

Йылдырым андан соң Орусия парламентинин жогорку баскычы Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн парламенттер аралык мамилелерин кайрадан өнүктүрүү темасы каралды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Матвиенко менен кезиккенден кийин Москвага жакын жердеги Премьер-министрлик имаратында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Эки тараптуу карым-катнаштардагы  ар түрдүү маселелерди карап чыгышкан премьер-министрлер андан соң журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Маалымат жыйынында эки тараптуу алакалардын өнүктүрүлсө болоорун сөз кылган премьер-министр Йылдырым, сүйлөшүү убагында коргонуу жана космостук тармакта жаңы долбоорлордун күн тартипке коюлганын айтты. Орусиянын премьер-министри Медведев болсо Йылдырым менен өткөргөн жолугушуунун өз ара мамилелерге ылдамдык киргизээрин айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым андан соң Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан Кремлде кабыл алынды. Путин «Түрк агымы» мыйзамын бекиткени үчүн президент Эрдоганга ырахмат айтты.

Түркиянын премьер-министри Орусияга сапарынын алкагында Москвадан кийин Казанга барды. Татарстандын президенти Рустам Минниханов, премьер-министр Йылдырымды аэропортто тосуп алды жана лидерлер Казандагы Кремль комплексинде өз алдынча жолугушуу өткөрүштү.

Йылдырым Татарстанда Түрк-Татар ишкердик форумуна катышты жана Садри Максуди Арсал эстелигинин ачылышын ишке ашырды. Түрк делегациясы Казандагы Кул Шериф мечитин кыдырды. Йылдырымдын Татарстанга сапары убагында президент Рустам Миннихановдун 14-15-декабрда Түркияга сапар жасай турганы билдирилди.

Премьер-министр Йылдырым Орусияга даярдыктуу барды. Премьер-министр Йылдырымдын Орусияга сапарынын алдында президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук жыйынынан өткөн «Түрк агымы» келишимин бекитти. Айрыкча Түркия Улуу Улуттук жыйынында Түркия-Орусия парламенттер аралык достук тобу түзүлдү жана Достук тобунун жетекчилигине Маниса эл өкүлү Режаи Бербер дайындалды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Йылдырымдын сапарынын алдында Антальяда Чавушоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Сапар убагында эки өлкөнүн ортосунда ири долбоорлор үчүн алдыбыздагы жылы биргелешкен инвестиция фондунун түзүлөөрү белгилүү болду. Эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жана үзгүлтүккө учурабашы үчүн түзүлө турган бул фонд өтө маанилүү. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты орто мөөнөттө өнүктүрүү үчүн даярдалып жаткан 2017-2020-жылдарга карата кызматташтык программасы, чоң ыктымалдуулук менен келээрки жылы өткөрүлө турган Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында бекитилет.

Бардык тыюу салуулардын эки тараптуу түрдө жоюлушу мүмкүн болушунча эң кыска мөөнөттө ишке ашуусу керек. Булар аткарылмайынча өз ара алакалардын жогорку деңгээлге жеткирилиши мүмкүн эмес. Айрыкча Түркия Евразия Экономикалык Биримдиги менен да мамилелерин өнүктүрүп, эркин соода аймактары түзүлүүсү керек. Эркин соода аймактарынын түзүлүүсү, жергиликтүү акча менен соода жүгүртүү менен катар көптөгөн жеңилдиктердин камсыздалышына өбөлгө болот.

Орусия менен Түркиянын ортосунда газ тармагында айрым маселелер болуп жатат. Газ тармагындагы баа келишпестиги сыяктуу маселелер чечилип, «Түрк агымы» долбоорунун жолу ачылуусу керек.

Түркия-Орусия карым-катнаштарында Татарстандын өзгөчө орду бар. Татарстандын эки тараптуу алакалардагы мааниси «Учак кризиси» убагында дагы да так түрдө көрүндү. Бардык тоскоолдуктарга карабастан Татарстан бул процессте кылдат мамиле кылды. Татарстан Орусия менен Түркиянын ортосундагы чыныгы көпүрө болуп саналат.



Тектеш кабарлар