Евразияга сереп салуу-52

Владимир Путиндин Японияга сапары

Евразияга сереп салуу-52

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин Японияга болгон сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Япониянын Орусияга киргизген санкцияларына байланыштуу жылдырган расмий сапарын 15-декабрда ишке ашырды. Путин эки күндүк расмий иш сапарында алгач премьер-министр Синдзо Абэ менен Нагато шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Орус медиасы Абэнин Путинди өлкөсүнө чакырышын «атайын жылуу мамиле көрсөттү» деп жазып чыкты. Сүйлөшүүлөр эртеси күнү Токиодо кеңейтилген форматта уланды. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, социалдык, саясий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтык темаларын, Түндүк Корея менен катар эл аралык маселелерди, Куриль аралдарынын келечегин жана башка темаларды талкуулашты. Жыйындын аягында маданият, билим берүү, тышкы иштер, экономика, коопсуздук энергетика ж.б тармактарда 68 келишимге кол коюлду. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Путиндин сапарынан кийин эки өлкөнүн ортосунда токтоп калган аскердик алакалар жана 2+2 форматындагы сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо темасында макулдашуу түзүлдү. Макулдашылган дагы бир маанилүү тема болсо орус энергетика гиганты Газпромдун Mitsui жана Mitsubishi менен кол койгон келишимдери болду. Газпром айрыкча Япониянын эл аралык банкы менен да кызматташтык түздү. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки өлкөнүн ортосунда атомдук энергетика тармагында тынчтыкчыл кызматташууга карай меморандумга кол коюшту. Бул келишимдерге, эки өлкөнүн өз ара алакаларын жаңы деңгээлге жеткирүүнү каалагандарынын далили катары баа берилүүдө.

Путиндин Японияга сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидери Токиодо Япония-Орусия ишкердик форумуна да катышышты. Владимир Путин айрыкча Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен бирге эл аралык Кодокан дзюдо институтуна да барды.

Путиндин 11 жылдан кийин ишке ашырган Японияга сапарынын эки өлкөнүн карым-катнаштарын өнүктүрүшү жагынан өтө ийгиликтүү өттү десек жаңылышпайбыз. Япония батыш менен бирге Орусияга санкцияларды киргизүүнүн ордуна жумшак күчүн колдонуп, Орусия менен алакаларын өнүктүрүү жана Куриль аралдары маселесин чечүүнү каалагандыгын Путиндин сапарында дагы бир жолу көрсөтттү. Сапардын алдында медиага Куриль аралдары маселеси чечилиши мүмкүн деп маалымдалса да, сүйлөшүүлөрдөн кийин маселени чечүүгө багытталган тараптардын күчтүү эрки болгону жөнүндө билдирүүлөр айтылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы эң чоң маселе болгон Куриль аралдары маселесин Япониянын акыркы жылдарда чечүүгө ниети болгону белгилүү. 2016-жылы 7-майда Сочиде эки лидер Куриль аралдары маселесин сүйлөшүп, премьер-министр Абэнин 8 беренеден турган чечүү планына токтолушкан болчу. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өткөрүлгөн бул сүйлөшүүгө байланыштуу Путин-Абэ жолугушуусунда Куриль аралдары боюнча маселенин абдан иштиктүү каралгандыгын белгилеп, бул темадагы сүйлөшүүлөрдүн тышкы иштер министрлери деңгээлинде уланаарын билдирди. Ноябрь айында Орусиянын Куриль аралдарынан Итурупка «Бастион», Кунаширге «Мед» аттуу коргонуучу ракета системаларын жайгаштыргандыгы жөнүндөө маалыматтар таркаган болчу.

Путиндин Японияга сапарында тараптар Куриль аралдарында жашаган жарандардын чек арадан өтүү иштеринин жеңилдетилиши темасында макулдашышты. Токиодо кол коюлган келишимдерге карап, Япониянын Орусиянын чыгышына инвестиция салуу жолу менен колун күчтөндүрүүнү калаагандыгын, Абэнин май айында жарыялаган 8 беренелик чечүүчү жол планынын максаты Орусиянын чыгышына инвестиция салуу экенин айта алабыз. Бул өнүгүүлөр эки өлкөгө тең пайда алып келет.



Тектеш кабарлар