Ким Ин-Рён:«Кокустан ядролук согуш чыгып кетиши мүмкүн»

Түндүк Кореянын БУУдагы элчи орун басары Ким Ин-Рён, БУУнун Башкы кеңсесинин куралсыздануу комитетинде сөз сүйлөдү.

Ким Ин-Рён:«Кокустан ядролук согуш чыгып кетиши мүмкүн»

Түндүк Кореянын БУУдагы элчи орун басары Ким Ин-Рён, Корея жарым аралындагы абалдын «жыйынтыгы белгилүү болбогон» деңгээлге жеткенин белгилеп, «Кокустан ядролук согуш чыгып кетиши мүмкүн»,-деди.

Түндүк кореялык дипломат, БУУнун Башкы кеңсесинин куралсыздануу комитетинде сүйлөгөн сөзүндө 1970-жылдардан бери АКШнын «ушунчалык ашкере жана түздөн-түз ядролук коркутуусуна» дуушар болгон жалгыз өлкө өздөрүнүкү экенин белгилеп, Түндүк Кореянын өзүн коргоо максатында ядролук куралга ээ болушун жактады.

Жыл сайын АКШ жана Түштүк Кореянын «ядролук каражаттарды» да колдонуп кеңири масштабдуу аскердик машыгуу өткөргөнүнө көңүл бурган Ким, мындан коркунучтуусу «АКШнын Түндүк Корея лидерлигин жок кылууну максаттаган жашыруун планы бар» экенин айтты.

Ким, быйыл өлкөсүнүн «атомдук мамлекет болууну бүтүргөнүн» жана ушундайча «арасында ядролук бомбасы, суутек бомбасы жана континенттер аралык баллистикалык ракеталар да болгон ар түрдүү аралыкка ядролук бомба атуучу куралдарга ээ болуп, толук жабдылган ядролук күчкө айланганын» айтты.

Өлкөсүнүн атомдук жана ракеталык фронтун «баалуу стратегиялык байлык» катары аныктаган Ким: «АКШнын душмандай саясаты жана ядролук коркутуусу ылайыктуу түрдө жок кылынганга дейре ядролук курал жана баллистикалык ракеталарыбызды эч бир шарт астында сүйлөшүү үстөлүнө алып бара албайбыз»,-деди.

Түндүк кореялык дипломат, «АКШ материги атуу аралыгыбызда жана эгерде АКШ биздин ыйык жерлерибиздин бир сантиметрин басып алууга даай алса дүйнөнүн кайсы бир жеринде оор жазалообуздан кутула албайт»,-деп айтты.

Өлкөсүнүн «ядролук куралдардан тазаланган дүйнөнү» каалаганын айткан Ким, АКШнын БУУда 122 өлкө бекиткен «Ядролук куралдарга тыюу салынышы» үчүн өткөргөн сүйлөшүүлөрдү башка ядролук куралы бар өлкөлөр менен бирге бойкот кылганын эске салды.

Ким: «Түндүк Корея ядролук куралдардын толугу менен жок кылынышын жана бүткүл дүйнөнүн ядролук куралдан тазаланышын колдойт. Бирок АКШнын келишимди четке кагышы жана Түндүк Кореяга карай тынымсыз ядролук коркутуу жана опузаларынын себебинен келишимге катыша албай жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар