Cаакашвили кайрадан камоого алынды

Саакашвили Украинанын президенти Порошенокону кулатуу жана уюмдашкан кылмыш уюмуна колдоо берүү менен күнөөлөнүүдө.

Cаакашвили кайрадан камоого алынды

Грузиянын мурунку президенти жана Одесса губернатору Михаил Саакашвили Украинанын борбор шаары Киевде кайрадан камоого алынды. Одессанын мурунку прокурору Давид Сакварелидзе Саакашвилинин коопсуздук күчтөрү тарабынан камоого алынгандыгын жарыялады.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко да Саакашвилинин камоого алынгандыгын ырастады. Саакашвили Украина  чалгындоосу тарабынан жуманын ичинде камоого алынып, жактоочулары Саакашвили ичинде болгон машинанын жолун тороп эркин койо бердирткен. Ушул боюнча Укираина башкы прокурорлугу Саакашвилини камоо чечимин чыгарган. Бул өлкөнүн жарандыгын алган Саакашвили бир убак Одесса губернаторлугун да аткарган. Украина өкмөтү Саакашвили менен келише албагандыктан кызматынан алып жарандыктан чыгарган болчу.

Саакашвили Украинанын президенти Порошенокону кулатуу үчүн Орусия жактоочусу украиналык ишкерлер менен кызматташтык түзүп жана уюмдашкан кылмыш уюмуна колдоо берүү менен күнөөлөнүүдө.

Адвокаты  Руслан Чернолуцкий борбор шаар Кивде камоого алынган Саакашвилинин  ачкачылык баштагандыгын жарыялады. Чернолуцкий соттун 60 күн камоо мөөнөтүн бере турган болсо Саакашвилинин ачкачылыкты улантарын билдирди. Грузиянын мурунку лидеринин кайрадан камоого алынгандыгы жарыяланары  менен колдоочулары  эркин койо берилиши үчүн Киевде митинг өткөрүштү.



Тектеш кабарлар