Залды каткырткан Трамптын кылыктары...

Трампка эмне үчүн күлүштү.

Залды каткырткан Трамптын кылыктары...

АКШнын борбор шаары Вашингтондогу Ак үйдө Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн АКШнын президенти Дональд Трамп дагы бир жолу ар кимди таң калтырган билдирүүсүн айтты.

Трамптын АКШ ноябрь айында F-52 жана F-35 согуштук учактарын тапшыра баштаганын айтуусу, «Муну менен эмне айткысы келүүдө» деген сереп салууларды кошо ала келди.

Чындыгында АКШ F-52 үлгүсүндөгү согуштук учак чыгарбайт. А бирок Норвегияга 52 даана F-35 согуштук учагын сатты. Булардан алгачкы үчөөнүн тапшырылышы ноябрь айында болду.

Залдагылардын дуулдаганын түшүнгөн Трамп, абалды оңдоого аракет кылып, «Жалпы 52ни саттык жана бир канчасы эмитеден берилди, ал эмес белгиленген күнгө караганда эрте тапшырылды. 10 миллиард доллардык буюртма бар»,-деди.

Трамптын туш болгон бул абалы Твиттерде шылдыңдоолорду жаратты.



Тектеш кабарлар