Ракты дарылоодо жаңы ыкма

Ракка каршы күрөштө нанороботтор

Ракты дарылоодо жаңы ыкма

Илимпоздор, ДНКдан жасалган нанороботтор менен рак клеткаларына кеткен кычкылтек менен энергияны токтотуунун жолун табышты.

Англияда жарыяланган «The Times» гезитинин илимий кабарчысы Оливер Мудинин маалыматына караганда, кичинекей чочколордо жүргүзүлгөн сыноолордо бул ыкманын эч кандай терс таасири да көрүнгөн жок.

«Nature Biotechnology» журналында жарыяланган изилдөөгө караганда микроскопиялык ДНК роботтору, чычкандардагы сыноолордо да шишиктерди кичирейте алды.

Изилдөөнү жүргүзгөн Аризона мамлекеттик университетинин биохимия бөлүмүнүн профессору Хао Янь: «Бул технологиянын ишке ашырылышына өтө жакынбыз»,-деди.

Бул нанороботтор, кичинекей көлөмдө болгондуктан тамырларда айланып жүрө алат жана таза клеткаларда сейрек кездешип рактуу клеткаларды азыктандырган тамырларда көп кездешкен «nucleoli» аттуу химиялык зат менен аралашкан учурда ал тамырларды бүтөп, шишикке кан агымын токтотот.



Тектеш кабарлар