Рим ибадатканасынын калдыктары табылды

Ибадаткананын 2-кылымга таандык экени айтылууда.

Рим ибадатканасынын калдыктары табылды

Египеттин Тарыхый эстеликтер министрлиги, өлкөнүн түштүгүндөгү Асуан шаарында 2-кылымга таандык экени божомолдонгон Рим ибадатканасынын калдыктарынын табылганын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, археологиялык топтун Асуан шаарында Кум эр-Расас аймагындагы изилдөөлөрү учурунда кум таштан курулган Рим ибадатканасынын калдыктарынын табылганы белгиленди.

Калдыктарда Рим императорлору Адрианус (117-138) менен Антонин Пиустун (138-161) ысымдары орун алгандыктан ибадатканын 2-кылымга таандык болушу мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар