АКШнын санкцияларына Орусиянын жообу кандай болот?

Орус парламентар, АКШнын жаңы санкцияларына каршы Американын капитал жана тейлөөлөрүнүн Орусияга импортолушуна тыюу салууну талап кылган долбоорду сунуштады.

АКШнын санкцияларына Орусиянын жообу кандай болот?

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, АКШнын өлкөсүнө багытталган жаңы санкцияларына жооп иретинде даярдаган мыйзам долбоорунун абдан жакында кабыл алына турганын жарыялады.

Орус парламентар, АКШнын жаңы санкцияларына каршы Американын капитал жана тейлөөлөрүнүн Орусияга импортолушуна тыюу салууну талап кылган долбоорду сунуштады.

Долбоордо Америкадан чыккан компьютердик программалар, талаа чарба продукциялары жана дары-дармек сыяктуу башка булактардан камсыздала турган товарлар жана тамеки менен алкоголдук ичимдиктердин импорттолушунун чектелиши сунушталды.

Орус парламентар; атом энергиясы, ракетанын моторлору жана учак жасап чыгаруу тармактарында АКШ менен кызматташууга тыюу салынышын сунуштагандарын да белгилеп кетти.

Долбоор айрыкча Америка фирмаларынын Орусиянын менчиктештирүү долбоорлоруна кошулууларына тыюу салууну көздөйт.

АКШ, 2016-жылдагы шайлоолоруна кийлигишкени айтымдары менен орус олигархтарына санкция киргизүүгө чечим чыгарып 7 орус олигархы жана бул кишилердин көзөмөлүндөгү 12 фирманы кара тизмеге кошкон.

Тизмеге кошулган олигархтардын ысымдарынын- Владимир Богданов, Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг, Кирилл Шамалов, Андрей Скоч жана Виктор Вексельберг экени жарыяланган.

Бул кишилердин көзөмөлүндөгү B-Finance Ltd., Basic Element Limited, EN+ Group, EuroSibEnergo жана GAZ Group сыяктуу 12 фирмада АКШнын Казына министрлигине караштуу түрдө иштеген Чет элдик капиталды көзөмөлдөө кеңсеси OFACтын санкция тизмесинде орун алган.

Сирияда Башар Асад режимине көп убактан бери курал камсыздаганы айтылган Орусия мамлекетине таандык Рособоронэкспорт аттуу курал соодалоочу фирмасы менен бул мекемеге таандык «The Russian Financial Corporation Bank» (RFC Bank) да кара тизмеге киргизилди.

Санкция тизмесине кошулган киши жана мекемелердин АКШдагы капиталдарын тоңдурган Вашингтон бийлиги, бул киши жана мекемелер менен кызматташтык кылынышына да тыюу салган болду.



Тектеш кабарлар