Англия Орусияга каршы жаңы чараларды көрүүдө

Улуттук кибердик коопсуздук агенттигине каражат бөлүндү.

Англия Орусияга каршы жаңы чараларды көрүүдө

Англия Орусиянын ыктымалдуу кибердик кол салууларына каршы жаңы чараларды көрүүдө.

Чара көрүүлөр үчүн Улуттук кибердик коопсуздук агенттигине 1,9 миллиард стерлингдик бюджет бөлүндү.

Англияда жарыялынган «The Sunday Times» гезити, Англиянын Орусия кибердик чабуул койгон учурда буга жооп кайтарууга даяр экенин жазып чыкты.

Гезиттин англиялык чалгындоо кызматынан алып берген кабарына караганда, Англиянын Улутук кибердик коопсуздук агенттиги жана Коргоо министрлиги Орусияга каршы даярдалган чара көрүүлөрдү тездетти.

Агенттиктен бир жооптуу кызматкер, Орусиянын кибердик кол салууларды уюштурганын айтып, булардын улана турганын билдирди.


Этикеткалар: стерлингдик , кибердик

Тектеш кабарлар