Араб лигасынын лидерлери чакырык салды

Араб лигасынын саммитинде Сирия темасында билдирүүлөр айтылды.

Араб лигасынын лидерлери чакырык салды

Араб лигасынын лидерлери, Сирияда химиялык куралдардын колдонулушун айыптап эл аралык териштирүү жүргүзүүгө чакырышты.

Сауд Арбиянын Дахран шаарында кечээ аяктаган Араб лигасынын саммитинде жарыяланган биргелешкен декларацияда, Сирия темасында билдирүүлөр айтылды.

Саммитте АКШ, Англия жана Франциянын ишемби күнү Сирияга карай жүргүзгөн операцияларын Сауд Арабия менен шериктештери колдошту.

Ирак менен Ливан сыяктуу араб өлкөлөрү болсо операцияны айыпташты.

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сирия режиминин 7-апрелде Думада жарандарга химиялык куралдар менен кол салуусунан кийин бул өлкөгө операция жүргүзүлөөрүн билдирген болчу. Химиялык кол салуудан кеминде 78 жайкын тургун каза тапкан.



Тектеш кабарлар