Сирия согушу коркунучтуу түрдө уланат

Асад режими химиялык курал колдонуудан баш тартышы керек.

Сирия согушу коркунучтуу түрдө уланат

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, Сириядагы согуштун коркунучтуу түрдө улана турганын айтты.

Жонсон АКШ, Франция жана Англиянын ишемби күнү эртең менен Сирияга жүргүзүшкөн ракеталык кол салуусунун жарандык согуштун багытын өзгөртпөй турганын белгилеп: «Бул кол салуу, дүйнөнүн химиялык курал колдонууга «эми жетиштүү» дегенин көрсөткөн бир жол болуп саналат»,-деди.

«Мен Сирия согушу коркунучтуу түрдө уланат деп коркуп жатам»,- деген Жонсон, Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Башар Асад режимин химиялык курал колдонуудан баш тарттыруу үчүн аракеттерин уланткандарын билдирди.  



Тектеш кабарлар