Дүйнөнүн эң картаң адамы көз жумду

Жарамильонун сөөгү эртең жерге берилет.

Дүйнөнүн эң картаң адамы көз жумду

Дүйнөнүн эң картаң адамы катары билинген чилилик Селино Вильянуэва Жарамильо 121 жашында көз жумду.

Жарамильо Чилинин Сан-Хосе-де-Марикина шаарында дарыланып жаткан ооруканада каза болду.

1896-жылдын 25-июлунда жарык дүйнөгө келген Жарамильо, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан Гиннесстин рекорддор китебине кире албаса дагы «дүйнөнүн эң картаң адамы» наамына ээ болгон эле.

Өткөн күндөрдө жаткан жеринен кулап түшүп үч кабыргасы сынган жана өпкөсү жыртылган Жарамильонун бир дагы тууганы тирүү эмес.

Дыйканчылык менен алектенген Селино Вильянуэва Жарамильо, эртең Сан-Хосе-де-Марикина шаарындагы Мехуин мүрзөсүндө жерге коюлат.



Тектеш кабарлар