Трамп Түндүк Кореядан так кадамдарды күтөт

АКШ Түндүк Кореяга кысым көрсөтүүсүн улантат.

Трамп Түндүк Кореядан так кадамдарды күтөт

АКШнын президент Дональд Трамп, Түндүк Корея так кадамдарды таштаганга дейре бул өлкөгө карай максималдуу кысым саясатынын улана турганын билдирди.

Трамп Франциянын президенти Макрон менен Ак үйдө өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында Түндүк Корея менен уланган дипломатиялык процесске көңүл буруп: «Тынчтык, шайкештик жана коопсуздук изденүүбүздө бүткүл Корея жарым аралы жана ал эмес бүткүл дүйнө үчүн жакында Ким Чен Ын менен жолугам. Бирок бул процессте мурдагы башкаруучулуктардын жаңылыштыктарын кайталабаймын. Максималдуу кысым мамилебиз уланат»,-деди.

Пхеньян башкаруучулугунан так кадамдарды көргөнгө дейре учурдагы мамилесин коргой турганын билдирген Трамп: «Айткандарым өтө ачык: Түндүк Кореянын ядролук куралдардан тазаланышын каалап жатабыз»,-деди.

АКШнын президенти Трамп, Макрон менен өткөргөн делегациялар аралык жолугушууларда журналисттерге маалымат берип жатып, Түндүк Кореянын лидерин «ачык жана намыскөй бири» деп сыпаттаган болчу. Трамптын бул сөздөрү Америка медиасында талкуу жараткан эле.

Трамп, Түндүк Кореянын лидерин «ачык жана намыскөй» деп сыпатташынын эмне маанини туюнканы суралганы боюнча, Американын мурунку башчылары кылышы керек болгон нерсени азыр өзүнүн аткарып жатканын жана маселеге чечүүчү жол табаарын айтты.



Тектеш кабарлар