Аль-Кудс бир теңирдүү үч диндин мүчөлөрүнүн бардыгына ачык болушу керек

Орусия, палестиналыктарга аскердик күч колдонулуусун айыптады.

Аль-Кудс бир теңирдүү үч диндин мүчөлөрүнүн бардыгына ачык болушу керек

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимине каршы уюштурулган тынчтыкчыл митингдерде Израилдин жарандарга аскердик күч колдонуусун айыптагандарын жарыялады.

Захарова, маалымат жыйынында Орусиянын Кудс тууралуу позициясынын өзгөрбөгөнүнө басым жасап, «Кудс, эки көз карандысыз мамлекет катары Палестина жана Израилдин борбор шаары болушу керек, бир теңирдүү үч диндин мүчөлөрүнүн бардыгына ачык болушу керек»,-деп айтты.

Орусиянын Газа тилкесиндеги абалдын татаалдашуусуна терең кайгырганын айткан Захарова, тараптарга чыңалууну күчөткөн кадамдардан алыс туруу чакырыгын салды.

Захарова: «Палестиналыктардын тынчтыкчыл митинг өткөрүү укуктарын жактайбыз жана жарандарга каршы аскердик күч колдонуусун айыптайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар