Викиликс Эквадорду миллиондогон долларга чыгым кылууда

Швециядан чыккан эл аралык уюм Викиликстин куруучусу Жулиан Ассанжды коргоо үчүн Эквадор миллиондогон доллардык чыгымга учуроодо.

Викиликс Эквадорду миллиондогон долларга чыгым кылууда

Өкмөттөрдүн жана башка уюмдардын жашыруун документтерин жарыялаган, Швециядан чыккан эл аралык уюм Викиликстин куруучусу Жулиан Ассанжды коргоо үчүн Эквадор миллиондогон доллардык чыгымга учуроодо.

Британиянын «The Guardian» гезитинде орун алган кабарга караганда, Эквадор «Мейман операциясы» деген аталыш менен Ассанж үчүн ай сайын 66 миң доллардык акча каржылап жатат. Эквадордун чалгындоо кызматы Санианга таандык документтер, 2012-жылдын июнь айы жана 2013-жылдын август айларынын аралыгында Ассанждын мажбур мейман болушу үчүн 972889 доллардык акча каржылаганын маалымдады.

«The Guardian» гезити таап алган документтерге кайрылсак, Саниан Ассанжды коргош үчүн эл аралык коопсуздук фирмасы менен макулдашкан. Көптөн бери Англиянын борбору Лондондогу Эквадордун элчилигинде саясий башпаанек алып жашаган Ассанждын жашоосуна аталган англис гезити кызыккан. Анда «The Guardian» келишим түзүлгөн коопсуздук фирмасынын жакын жердеги кабат үйдүн батирине 7 күн 24 саат бою ал жерде жашай турган эки кишилик топ жайгаштырганын жана бул батирге 2800 паунд ижара төлөгөнүн жазып чыкты. Ассанждын укук коргоочуларынын тобу, элчилик кызматкерлери жана башка келип-кеткендер менен болгон байланыштарын да байкаган кабарчылар, элчиликке кирген ар биринин кире бериште паспортун тапшырганына көңүл бурган.



Тектеш кабарлар