Пакистанда ашыкча ысыктыктан 65 киши каза болду

Каза болгондордун көпчүлүгүнүн 6 – 78 жаштарында экендиги жана үйлөрүндө каза болгндугу билдирилди.

Пакистанда ашыкча ысыктыктан 65 киши каза болду

Пакистанда күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизген абанын ысыктыгы түштүктөгү Карачи шаарында акыркы үч күндө 65 кишинин каза болушуна себеп болду.

Каза болгондордун көпчүлүгүнүн 6 – 78 жаштарында экендиги жана үйлөрүндө каза болгндугу билдирилди.

Карачиде күндүз 45 градуска жеткен ысыктыктын жана 78 пайызга жеткен нымдуулук менен бирге электр үзгүлтүктөрү да турмушка тескери таасир тийгизүүдө.

Карачиге электр берген K-Electric кемчиликтерден улам кечирим сурап, элди электрди үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Инд океанынын жээгинде жайгашкан Карачиде ашыкчы ысыктыктын 25 -майга чейин уланышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар