Эл аралык кылмыш-жаза соту Израилдин палестиндерге кыргын салуусун териштирет

Фату Бенсуда, Палестина өкмөтүнүн Израилдин кыргындары тууралуу тапшырган делолор боюнча алдын ала иликтөөлөр башталганын айтты.

Эл аралык кылмыш-жаза соту Израилдин палестиндерге кыргын салуусун териштирет

Эл аралык кылмыш-жаза сотунун  башкы прокурору Фату Бенсуда, Палестина өкмөтүнүн Израилдин кыргындары тууралуу тапшырган делолор боюнча алдын ала иликтөөлөр башталганын айтты.

Борбору Нидерландиянын Гаага шаарында орун алган Эл аралык кылмыш-жаза сотунун  башкы прокурору Фату Бенсуда, Палестина өкмөтүнүн Израилдин кыргындары тууралуу Эл аралык кылмыш-жаза сотунун  тапшырган делосу темасында соттун башчысын маалыматтандырганын жарыялады.

Бенсуда, тема тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында 2015-жылы дагы Палестинадагы абалга карай териштирүү ачыла алышы үчүн алдын ала иликтөө баштатканын белгилеп, «Менин кеңсем алдын ала иликтөөдө маанилүү жолду басып өттү жана ушунай эле түрдө улантат»,-деди.

Өздөрүнө дело тапшырылышы же кайрылуу жасалышынын түздөн-түз иликтөө баштатыла турганы түшүнүгүн бербегенин белгилеген Бенсуда: «Бирок, эгерде тапшырылган документте иликтениши керек болгон баалуулуктарды камтыган көрсөткүчтөрдү көрсөм, иликтөө башталышы керектиги жөнүндө чечимди мен чыгарам. Анда териштирүү баштоо үчүн прокурордун соттон уруксат алышынын кереги болбойт»,-деп айтты.

Бенсуда бул темада жана башка темаларда ар дайым өзүнө берилген ыйгарым укуктарга жараша чечим чыгара турганы темасында шек саналбашы керектигин айтты.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики кечээ Эл аралык кылмыш-жаза сотунун  жөөт отурукташкан жерлери жана согуш кылмышын кылган израилдиктер тууралуу дело тапшырган.

Израилдик аскерлердин АКШнын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Кудска көчүрүшүнө наарзылыгын көрсөткөн палестиналыктарга ок атылышынын натыйжасында 65 киши шейит болуп, миңдеген палестин жаракат алган.



Тектеш кабарлар