Орусия бул жылы Кытайга 10 Su-35 учагын дагы жиберет

Кытайга 4 учак 2016 – жылы, 10 учак да 2017  - жылы жиберилген.

Орусия бул жылы Кытайга 10 Su-35 учагын дагы жиберет

Орус коргоо өнөр жай фирмасы Ростес Москва менен Пекиндин ортосунда кол коюлган 2, 5 миллиард долларлык келишимдин негизинде Кытайга бул жылы 10 узун аралыктуу  Su-35 учагынын дагы жиберилерин билдирди.

Ростес менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда 2015 -  жылы 24 узун аралыктуу  Su-35 учагын өткөрүү үчүн келишимге кол коюлган болчу. Кытайга 4 учак 2016 – жылы, 10 учак да 2017  - жылы жиберилген.

Санкт Петербург экономика жарманкесинин негизинде билдирүү жасаган Ростес келишимдин негизинде Кытайга 10 Su-35 учагынын дагы жиберилерин билдирди.

Абадан абага, абадан кургактыкка ракета аткан 10 Su-35 8 тонна жүк ташуу күчүнө ээ. Бир учкучтуу учак саатына 2 миң 500 километрдик аралыкты өтөт. Учактын учуу аралыгы болсо абада күйүүчү май куйбастан 3 миң 400 километрге жетет.

 



Тектеш кабарлар