Япониянын Ким - Трамп саммитинен кийин билдирүүсү

Япония Корея жарым аралындагы араздашуунун азайгандыгын белгиледи.

Япониянын Ким  - Трамп саммитинен кийин билдирүүсү

Япония АКШнын президенти Дональ Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Сингапурда өткөргөн жолугушуусунан кийин Корея жарым аралындагы араздашуунун азайгандыгын белгиледи.

Япония өкмөтүнүн катчысы, Кабинеттин башкы секретары Йошихиде Суга басма сөзгө маалымат берди : «Түндүк Кореядан келиши мүмкүн болгон  ракеталар үчүн ар дайым даяр туруу деген мааниге келген кыйын коопсуздук шарттарынын саммиттин саясында жеңилдегендиги ачык»,- деди.

Суга АКШнын президенти Трамптын көптөгөн жылдар мурда Түндүк Корея тарабынан качырылган япондор маселесин да күн тартибине алып келишин ыраазычылык менен кабыл алды.

Өкмөттүн катчысы Суга Япониянын АКШ жана Түштүк Корея менен кызматташтык ичинде атомдук куралдарды жок кылуу процессине жардам берүүнү сунуш кыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар