АКШнын кошумча бажы салыгына Орусиянын жообу

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин, Москвада журналисттерге маалымат берди.

АКШнын кошумча бажы салыгына Орусиянын жообу

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин, импорттолгон темир-болот жана алюминийге кошумча салык киргизүүсүнүн себебинен АКШнын товарларына чектөө коюла турганын айтты.

Максим Орешкин, Москвада журналисттерге берген маалыматында АКШнын кошумча салык киргизүү жолу менен коргонуучу чаралар көрүүнү улантышы жана Орусиянын туш болгон зыян тартууларын конпенсациялабоосунун себебинен Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) багытындагы укуктардан пайдалана тургандарын айтты.

Ушул алкакта кыска мөөнөттүн ичинде АКШга карай бир катар чаралар көрүлө турганын белгилеген Орешкин: «АКШдан импорттолгон жана Орусияда окшошу болгон товарларга карай чектөөчү чараларды көрөбүз. Бул чара көрүүлөр Орусиянын макроэкономикалык түзүлүшүнө терс таасирин тийгизбейт»,-деди.

АКШ, арасында Орусия да орун алган көп сандаган өлкөдөн импорттолгон темир-болот жана алюминийге катары менен 25 пайыз жана 10 пайыздык бажы салыгын киргизе турганын жарыялаган болчу.

Орусия өткөн айда ДСУга берген маалымдоосунда, АКШнын кошумча бажы салыгын киргизүү токтомуна жооп иретинде 550 миллион доллардык АКШ товарларына кошумча бажы салыгы киргизиле турганын билдирген.



Тектеш кабарлар