Дүйнөдөгү калкы эң көп эки өлкө

Дүйнө калкынын үчтөн бирине Кытай менен Индия кожоюндук кылууда.

Дүйнөдөгү калкы эң көп эки өлкө

Дүйнө калкынын саны орто эсеп менен 7,7 миллиард кишиге жетти. Анын үчтөн бирине Кытай менен Индия кожоюндук кылууда.

Кытайда орто эсеп менен 1,4 миллиард киши (дүйнө калкынын 19 пайызы)  ал эми Индияда 1,3 миллиард (дүйнө калкынын 18 пайызы) киши жашайт. Булар дүйнөдөгү калкы эң көп эки өлкө болуп саналат.

Монголияда болсо 1,5 миллион чарчы километрден ашкан жеринде 3 миллион гана киши жашагандыктан дүйнөдөгү калкы эң аз өлкө абалында.

Эркектердин саны аялдардыкына салыштырмалуу дагы көп болгон дүйнөдө ар бир 100 аялга 102 эркек туура келет.

Дүйнө калкынын 25 пайызын 15 жашка чейинкилер, 62 пайызын 15-59 курактагылар жана 13 пайызын да 60 жаштан жогоркулар түзөт.

Учурда дүйнө калкынын 59,6 пайызы Азияда (4,54 миллиард), 16,9 пайызы Африкада (1,3 миллиард), 9,7 пайызы Европада (742 миллион), 8,5 пайызы (652 миллион) Латын Америка менен Кариб аралдарында жана калган 5,3 пайызы да (404 миллион) Түндүк Америка менен Океанияда жашайт.



Тектеш кабарлар