Юпитердин жаңы спутниктери табылды

12 жаңы спутник аныкталды.

Юпитердин жаңы спутниктери табылды

Юпитердин орбитасында 12 жаңы спутник табылды.

«Space.com» интернет сайтында орун алган кабарга караганда, АКШнын Карнеги илимий институтунун астрономдору Күн системасынын 9-планетасын табуу үчүн жүргүзүшкөн изилдөөдө Юпитердин орбитасында 12 жаңы спутникти аныкташты.

Изилдөө үчүн Чили, Гавайи жана Аризонадагы космостук телескопторун колдонгон илимпоздор, буга чейин белгисиз болгон спутниктерди табышты.

Спутниктердин тогузоосу планетанын айлануу багытына тескери, ал эми үчөөнүн болсо айлануу багытында бара жатканы белгиленди.


Этикеткалар: космостук , Юпитердин

Тектеш кабарлар