Индиядагы борошодо 8 киши жан берди

Ориссада 1999 -  жылы болгон борошодо 15 миңден ашуун киши каза болгон.

Индиядагы борошодо 8 киши жан берди

Индиянын чыгышында болгон борошодо 8 киши каза тапты.

Жетекчилер 8 кишинин сууга чөгүп же кулаган дубалдардын  же дарактардын астында калып каза болгондугун билдиришти.

Өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында берилген кабарларга караганда метеорология жетекчилери ылдамдыгы саатына 150 километрге жеткен «Титли» борошосунун өлкөнүн чыгыш жээктерин ургандыгын белгилешти.

Орисса аймагы жана Андра Прадеш провинциясынын түндүк жактарында таасирдүү болгон борошонун аймактагы үйлөргө олуттуу зыян бергендиги жана дарактардын түбүнөн көңтөрүлүшүнө себеп болгондугу белгиленди. 300 миңге жакын киши коопсуз аймактарга эвакуацияланды.

Электр үзгүлтүгү болгон көптөгөн шаарда мектептер жабылды. Аймакта учак жана поезд каттамдары азайтылды. Ориссада 1999 -  жылы болгон борошодо 15 миңден ашуун киши каза болгон.

 

 



Тектеш кабарлар