Дүйнөдө Кашыкчы талкууланууда

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын (Хашогги) өлүмү сырдуу бойдон калууда.

Дүйнөдө Кашыкчы талкууланууда

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын (Хашогги) өлүмү сырдуу бойдон калууда.

Американын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.  Иштин жүрүшүнө канагаттанбаганын билдирди. Трамп: «Өлкөбүздөгү инвестициялардан кол жууганды каалабайм. Бул иштин бетин ачуу үчүн колубуздан келгенди жасайбыз" деди.

Ал, иликтөөнү жыйынтыктоо үчүн Сауд бийлиги талап кылган 1 айлык мөөнөттүн өтө узун экенин да белгилей өттү.

Бул сүйлөшүүдөн кийин «USA Today»  газетасына маек берген Трамп: "Кашыкчынын туура эмес курулган тузактан улам каза тапканына ишенип турам", деген ойун айтты.

Буга кошумча CIA Жетекчиси Гина Хаспелдин Жемал Кашыкчы тууралуу иликтөөлөрдүн алкагында Түркияда жолугушууларды өткөрөөрү маалымдалды.

Кашыкчы окуясы, Европа Парламентинин да күн тартибине кирди. Кашыкчы тууралу (бүгүн) ЕП башкы ассамблеясында атайын отурум болот. Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу даярдалган долбоордун сунушу ЕП башкы ассамблеясында бейшемби күнү добушка коюлат.



Тектеш кабарлар