Трамп Сауд Арабиянын Кашыкчы тууралуу түшүндүрмөсүнүн канагаттанарлык болбогондугун айты

Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп саудиялыктардын Кашыкчынын мушташта өлдү кыяздагы жооп берүүлөрүнүн канагаттандырарлык болбогондугун айтты.

Трамп Сауд Арабиянын Кашыкчы тууралуу түшүндүрмөсүнүн канагаттанарлык болбогондугун айты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын журналисти Жемал Кашыкчынын (Хашогги) өлүмүнө байланыштуу түшүндүрмөсүн канагаттандырарлык деп эсептебегенин айтты.

Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп саудиялыктардын Кашыкчынын мушташта өлдү кыяздагы жооп берүүлөрүн канагаттандырарлык болбогондугун айтып, бирок Эр-Рияддын башкаруусундагы өлкөдөгү инвестициялардан дагы кол жуугусу келбегендигин айтты.

Трамп, Сауд Арабиянын  мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу байланышканын жана ага териштирүү үчүн суранган 1 айлык мөөнөттүн ашыкча болорун айткандыгын билдирди.

Дональд Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Жейрд Кашнер болсо Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу,«Бийлик катары чындыкты териштирүү стадиясындабыз» деди.

Жейрд Кашнер, СИТИЗЕН конференциясынын ачылыш аземинде Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу серебин салды.

Трамп бийлиги, Кашыкчынын өлтүрүлүүсүнө тиешелүү бардык чындыкты казып чыгарууга аракет кылгандыгын айткан Кашнер:

«Учурда бийлик катары чындыкты териштирүү стадиясындабыз. Күчүбүздұн жетишинче көп нерсеге жетишүүгө далалат кылып жатабыз. Кийинчерээк кайсынысынын ишеничтүү болуп болбогондугун аныктайбыз»,-деп айтты.

Сауд Арабиянын Кашыкчынын өлүмүнө байланыштуу берген түшүндүрмөсүнө этияттык менен мамиле кылгандарына токтолгон  Кашнер,  «Президент Трамп АКШнын бейпилдигине басым жасап жатат деген ойдомун. Эмнелердин биздин стратегиялык пайдабызга болгонун, кайсы жерде өнөктөш пайдабыздын болгонун... », деген өз оюн айтты.

Кашнер, АКШ –Сауд Арабия  шериктештигинин улантылуусунун маанилүүлүгүн жактап, «Шериктештерибиз менен иштеше билишибиз керек жана Сауд Арабиянын Ирандын кол салуусунда мизин кайтаруу үчүн маанилүү шериктеш болгонуна ишенемин»,деген сөзүн айтты.

Мураскор канзаада Мухаммед бин Салманды териштирүүдө ачык айкын болууга чакырып, «Мухаммедке бүт дүйно көрүп жатат дедим. Бул абдан олуттуу күнөөлөө. Өтө олуттуу окуя. Ачык айкын болгондугуна жана бул теманы олуттуу деп карай тургандыгыңа ынануу үчүн айттым буларды»,- деди.

Канзаада бин Салмандын жүргүзгөн реформаларынан дагы сөз кылган Кашнер: « Сауд Арабияда жасалган көптөгөн өзгөрүүлөр , терроризмди каржылоочунун изин куушубузга жана биз менен карым катнаштарын жаман жакка колдонгондордун мизин майтарууга жардамчы болду»,- деп айтты.

 Кашнердин  Сауд мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен жакын достугу , Кашыкчы окуясына байланыштуу баа берилүүлөрдө тез-тез кысымга алынуу менен сыналууда.

Вашингтон Пост газетасынын жазуучусу саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хошагги) 2018- жылы 2-октябрь шейшемби күнү расмий катталууларын кылыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна баргандан кийин дайыны чыкпай калган болчу.

Сауд Арабия бийлиги 20-октябрда Кашыкчынын консулдук имаратта болгон мушташууда каза тапканын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар