Польшада "Анаконда 2018" машыгуусу

«Анаконда 2018» машыгуусу НАТО союздашы 10 өлкө жана 17 миң 500гө жакын аскердин катышуусу менен башталды.

Польшада "Анаконда 2018" машыгуусу

Польшанын «Анаконда 2018» аттуу улуттук аскердик машыгуусу НАТО союздашы 10 өлкө жана 17 миң 500гө жакын аскердин катышуусу менен башталды.

Польша, Эстония, Латвия, Литванын катышуусу менен Балтика деңизинде өткөрүлгөн машыгууга Польша армиясынан 12 миң 500, башка НАТО өлкөлөрүнөн 5 миңге жакын аскер кызмат кылууда. Машыгууга 5 миң аскердик каражат, 45 аскердик кеме жана 150 аба унаасы катышууда.

Машыгуунун негизги максаты Польша куралдуу күчтөрүнүн машыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү жана заманбап коркутууларга каршы улуттук күчтөр менен союздаш өлкөлөрдүн күчтөрнүн ортосунда интеграцияны арттыруу катары алдыңкы планга чыгууда.

Эч бир өлкөнүн бутага албагандыгы жана толугу менен коргонуу максатта экендиги белгиленген машыгуунун НАТОнун «чыгыш канатында» Орусия менен чектеш болгон өлкөлөрдө ишке ашышы болсо көңүлдөрдү бурууда.

Польшанын НАТО союздаштары менен жүргүзгөн улуттук машыгуу 17 -  ноябрга чейин улантылат. Польша куралдуу күчтөрү 2006 -  жылдан бери эки жылда бир Анаконда машыгуусун өткөрүүдө.

 



Тектеш кабарлар