Түндүк Кореянын жашыруун ракета комплекстеринин жери табылды

АКШдан адистер Түндүк Кореянын жыйырмага жакын экендиги болжолдолгон жашыруун ракета комплекстеринен он үчүнүн жерин тапты.

Түндүк Кореянын  жашыруун ракета комплекстеринин жери табылды

АКШдан адистер Түндүк Кореянын жыйырмага жакын экендиги болжолдолгон жашыруун ракета комплекстеринен он үчүнүн жерин тапты.

Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр борборунун спутник көрүнүштөрүнөн пайдаланылып даярдаган отчетунда Түндүк Кореяда ракета жана ушуга окшогон технологиялардын чыгарылышы үчүн колдонулган он үч жашыруун комплекстин жерин тапкандыгы белгиленди.

Отчетто ракета учуруу аянты катары колдонулбагандыгы белгиленген комплекстердин Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда жүргүзүлө турган, далилдөөгө боло турган бир келишимдин негизинде текшерилиши керектиги баса белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12 -  июнда Сингапурда жолугушкан жана жолугушуудан кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу келишим түзгөн.

Акыркы мезгилде тараптардын арасында атомдук куралсызданууга байланыштуу сүйлөшүүлөр токтоп калууга чейин келип, акыркы жолу Пхеньян башкаруусу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жогорку мартабалуу түндүк кореялык жетекчинин ортосунда өткөн жумада өткөрүлүшү пландалган жолугушууну токтоткон болчу.

Түндүк Корея айдын башында да АКШ өлкөгө карата санкцияларын жойбосо атомдук ок  - дарыларын күчтөндүрүүнү максат кылган мамлекеттик саясатын кайрадан жандандыра алары боюнча эскерткен.



Тектеш кабарлар