Дүйнөлүк басма сөз 08.11.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалымат.

Дүйнөлүк басма сөз  08.11.2017

АКШнын Turkish Amerikan Wep сайты «Премьер  - министр АКШга ишеним берүү укуктук мамлекет принциптерине шайкеш келбейт» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын АКШнын борбор шаары Вашингтонго баргандан мурда Анкара Эсенбога аэропортунда өткөргөн пресс  - жыйында АКШ менен виза кайрылууларынын  чектүү түрдө алына башташы тууралуу : «АКШга ишеним берүү же алардын бизге ишеним беришин каалоо сыяктуу сүйлөшүү укуктук мамлекеттердин принцибине шайкеш келбейт»,- дегендигин билдирген.

Борбору Франция болгон Эл аралык кабар каналы Euronews : «Атак, Анка жана Хүркуш Таиландда көргөзмөгө чыкты» деген маалыматында түрк авиациялык жана космостук өнөр жайы акционердик фирмасы  чыгарган аба платформалары менен Түштүк – Чыгыш Азия улуттар биримдигинин арасына кирүүгө аракет кылгандыгын жазган. ТАИ, Таиланд коргоо жана коопсуздук жарманкесинде катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Таиландга карата Атак тик учарларына байланыштуу сунуш билдирилди. Фирманын делегациясы алдыдагы күндөрдө Таиландга барып бул тууралуу иштерин улантат. Малайзия болсо Анкага кызыгууда.

ТАИ бул тууралуу сунушун малайзиялык жетекчилерге билдирип, баа берүүнүн жыйынтыгы күтүлүүдө. АСЕАН өлкөлөрүнүн тышында Түштүк Азия өлкөсү Бангладеш болсо Анка, куралдуу жана куралсыз Хүркуш, Атак тик учурларына кызыгуу көрсөтүүдө. ТАИ булуң өлкөлөрүнө карата маанилүү бир кыймыл жасап 12 – 16 -  ноябрда Dubai Airshowго катышат.

АКШнын CNN эл аралык кабар каналы «Даун синдрому Мухаммед Европада эң жогорку чекке жетти» деген маалыматында денизлилик даун сендромдуу спортсмен Мухаммед Тугрул Шахиндин Франциянын борбор шаар Парижде өткөрүлгөн DSISO Европа сүзүү боюнча чемпиондукта Европа рекордуна жетишип биринчи болду. Андан мурда да сүзүү боюнча бир топ эл аралык ийгиликке жетишкен Мухаммед Тугрул  медалдарына Европа рекордун да кошту.

АКШнын CNN эл аралык кабар каналы «Түркия эки чоң шахмат турнирин өткөрөт» деген маалыматында Түркиянын шахматта бекем кадамдар менен  алдыга жылып, иликтөөгө алынган жана тандалган өлкө болуп бара жаткандыгын жазган. Дүйнөлүк шахматка багыт берген кишилердин ишенимине ээ болгон Түркия эми шахматта бир гана спорттук ийгиликтерге эле эмес, уюштуруудагы ийгиликтери менен да белгилүү боло баштады. Октябрь айында Антальяда өткөрүлгөн Европа клубдар кубогунун уюштуруу ийгилигине  мактоолор келген. 2019  Европа аялдар шахмат чемпиондугу менен 2020  Европа жаш топторунун шахмат чемпиондугу Түркияда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар