Дүйнөлүк басма сөз 9.04.2018 - 13.04.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 9.04.2018 - 13.04.2018

Иран Ирна маалымат агенттиги: Түркия Ооганстан өкмөтүнүн Талибанга сунуштаган тынчтык планын колдоду.

Англия ББС түркчө веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ооганстандан мыйзамдуу жолдор менен келгендерге урмат сый көрсөткөндөрүн, бирок мыйзамсыз жолдор менен келгендердин чоң кыйынчылык жараткандарын айтты.

Англия Reuters маалымат агенттиги: Түркия, Сирия режиминин ишемби күнү Думадагы химиялык кол салуусун айыптады.

Германия DPA маалымат агенттиги: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Франциянын жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГге мүчө террористтерди Элисей сарайында кабыл алышына катуу каршылык көрсөттү.

АКШ Turkish American веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым, түрк аскерлери болгон жерде тынчтыктын да болгонун белгиледи.

Англия Reuters маалымат агенттиги: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия режиминин курчоосундагы Чыгыш Чутада адамдарга күч колдонуунун токтотулушу керектигин айтты.

Англия ББС түркчө веб-сайты: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Африн аймагын тапшыруу мөөнөтүн, орус тышкы иштер министри эмес Түркиянын белгилегенин айтты.

Орусия Спутник интернет сайты: Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Африн аймагынын Башар Асад режимине тапшырылбай турганын баса белгиледи.

Германия DW маалымат агенттиги: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европада жашаган түрктөрдү чет өлкөдө саясатта таасирдүү болууга чакырды.

АКШ Turkish American веб-сайты: Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар, Эгей деңизи жана Чыгыш Жер ортолук деңизде кийлигишүүгө уруксат берилбей турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар