Дүйнөлүк банктын экономика тууралуу божомолдору

Дүйнөлүк банк «Глобалдык экономикалык күтүүлөр» отчетунун 2017-жылдын январь санын жарыялады.

Дүйнөлүк банктын экономика тууралуу божомолдору

Дүйнөлүк банк Түркия тууралуу 2017 жана 2018-жылдарга карата өсүү күтүүлөрүн жаңылады.

Дүйнөлүк банк «Глобалдык экономикалык күтүүлөр» отчетунун 2017-жылдын январь санын жарыялады.

Отчетто Түркиянын быйыл 3, 2018-жылы 3,5 жана 2019-жылы 3,7 пайыз өсө турганы божомолдонду.

Отчетто өткөн жылда 2,3 пайыз өскөнү божомолдонгон дүйнөлүк экономиканын 2017-жылда бир аз ылдамдап 2,7 пайыз өсө турганына орун берди.

Отчетко караганда Дүйнөлүк банктын глобалдык өсүүнүн 2018 жана 2019-жылдарда 2,9 пайызга жетишин күткөнү маалымдалды.

Өнүккөн өлкөлөрдүн башында турган АКШнын быйыл 2,2, 2018-жылы 2,1 жана 2019-жылы 1,9 пайыз өсүшү күтүлүүдө. Ал эми Дүйнөлүк банк brexit менен бетме-бет келген Европа аймагынын болсо 2017-жылы 1,5 жана 2018-2019-жылдарда 1,4 пайыз өсүшүн күтүүдө.

Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы Жим Йонг Ким, отчетко байланыштуу жарыясында: « Көп жылдар бою көңүлдү калтырган глобалдык өсүүдөн кийин, кыйырда дагы күчтүү экономикалык күтүүлөрдү көрүп шыктандык. Эми ушул ылдамдыктан пайдаланып, адамга жана инфраструктурага карай инвестицияларды арттырышыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар