Д-8 саммити

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-43

Д-8 саммити

Д-8 саммити

Өнүгүп келе жаткан 8 өлкөнүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (Д-8) 9-саммити Стамбулдагы Лүтфи Кырдар жана Конгресс борборунда 20-октябрда өткөрүлдү. Биз да бул жумадагы программабызда Д-8 саммити жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Экономикалык Кызматташтык Уюму Д-8дин 9-саммити 20-октябрда Стамбулда өткөрүлдү. Саммитке Түркия, Иран, Пакистан, Бангладеш, Малайзия, Индонезия, Египет жана Нигериянын лидерлери менен катар Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу боюнча катышты.

Д-8дин түзүлүүсүнө карата ташталган алгачкы кадам Түркиянын демилгеси менен Иран, Пакистан, Бангладеш, Малайзия, Индонезия, Египет жана Нигериянын катышуусунда 1996-жылдын 22-октябрында Стамбулда өткөрүлгөн «Өнүгүүдө кызматташтык» конференциясы болду. Бул конференциядан кийин 1997-жылдын 15-июнунда Стамбулда өткөн Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити аркылуу Д-8 расмий түзүлдү. Д-8дин желегинде алты жылдыз орун алууда жана булар уюмдун алты негизги принцибин символдойт. «Согуш эмес тынчтык», «Кагылышуу эмес диалог», «Кош стандарт эмес адилеттүүлүк», «Үстөмдүк эмес тең укуктуулук», «Колдонуу эмес кызматташуу», «Кысым жана зомбулук эмес адам укуктары, эркиндик жана демократия».

Стамбулда өткөрүлгөн саммит убагында Түркия Республикасы Д-8дин кезектешкен төрагалыгын Пакистандан өткөрүп алды. Д-8дин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына туш келгени жагынан абдан маанилүү болгон 9-саммиттин жыйыны «Кызматташуу аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү» темасы менен өткөрүлдү. Саммитке катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган саммиттин жыйынынын аягында жабылыш сөзүн сүйлөдү. Бул сөз сүйлөөдө жарыяланган «Иранда Д-8 университетинин ачыла турганы», «мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы 100 миллиард доллардык соода көлөмүнүн 500 миллиард долларга жеткирилүүсүнүн максатталышы» жана «бул процессте чет элдик акчалардын эмес, жергиликтүү акчалар колдонула турган айырбаштоо системасынын түзүлүүсү» аттуу темалар саммиттин кызыгуу жараткан жактары болду. Президент Эрдогандын саммиттеги сөз сүйлөөсүндө Д-8де чечим чыгаруу процессинин жеңилдетилиши жана мүчө санынын сүйлөшүүлөрдүн негизинде 20га жеткирилүүсү сыяктуу жагдайлардан сөз кылышы, Түркиянын кезектешкен төрагалыгы убагында чоң жылыштардын болоорун көрсөтүүдө.

Д-8ге мүчө өлкөлөр ошол эле учурда Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр болуп саналат. Бул өлкөлөр Ислам Кызматташтык Уюмунун ичинде технологиялык жана экономикалык өнүгүү деңгээлдери, соода потенциалдары жана калкынын саны боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн арасында турат. Түштүк-Түштүк диалогунун алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасында түзүлгөн кызматташтык мисалдарынын бири болгон Д-8, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык жана соода-сатык кызматташтыгынын өнүктүрүлүүсүнө карата түзүлгөн уюм болуп саналат. Д-8дин максаты өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономиканын ичиндеги абалын жакшыртуу, соода-сатык карым-катнаштарын көп түрдүү кылуу жана соода тармагында мүчө өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, эл аралык деңгээлдеги чечим чыгаруу механизмдерине күчтүү түрдө катышууларын камсыздоо жана элдеринин жашоо шарттарын жогорулатуу болуп саналат. Принциптери жана камтыган географиялык аянттары жагынан аймактык болуудан көп дүйнөлүк түзүлүш өзгөчөлүгүнө ээ болгон Д-8ге мүчөлүк, аты аталган максат жана принциптерге байланыштуу бардык өнүгүү жолундагы өлкөлөргө ачык. Д-8дин алкагында кызматташуу негизи сектордук жактан жүргүзүлүүдө. Түркия өнөр жай, саламаттык сактоо жана экология; Бангладеш элет жерлерди өнүктүрүү; Индонезия жакырчылык менен күрөшүү жана адам ресурстары; Иран илим жана технология; Малайзия финансы, банк иштери жана менчиктештирүү; Египет соода; Нигерия энергетика; Пакистан болсо айыл чарба жана балыкчылык тармактарындагы кызматташтык иштерин координациялоодо.

Д-8 Стамбул саммити ошол эле учурда мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикадагы таасирдүүлүгүн күчтөндүрүүнү максаттап жатат. 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда Д-8 эсеп-кысап сандары менен дүйнөлүк ички дүң продукциянын 5 пайыздык бөлүмүн гана түзөт. Бул экономикалык өсүүнүн дээрлик жарымын, эң көлөмдүү эки мүчө камтыйт. 932 миллиард доллар менен уюмдун эң жогорку ички дүң продукциясын камсыздаган өлкө Индонезиядан кийин 858 миллиард доллар менен Түркия турат. Нигерия жана Иран 400 миллиард доллардан болсо Египет экономикасынын көлөмү 336 миллиард доллар. Малайзия, Пакистан жана Бангладеш болсо кезеги менен 296, 284 жана 221 миллиард доллар менен акыркы үчтө орун алууда.

Д-8ге мүчө өлкөлөрдүн экономикаларын туруктуу уланта алгыдай түрдө күчтөндүрө алуусу үчүн инвестицияга, өнүмдүүлүктү көбөйтүүгө, атаандашчыл чөйрөлөргө жана реформаларга муктаждык бар. Ушул алкакта ар бир өлкө үчүн туура экономикалык саясаттарды жаратуу менен катар натыйжалуу жана таасирдүү эл аралык кызматташуулар да абдан маанилүү. Стамбулдагы саммит, Түркиянын Евразия аймагы жана бул аймакка жакын болгон өлкөлөр менен да стратегиялык кызматташууну арттыруусу жана карым-катнаштарын өнүктүрүүсү жагынан өтө маанилүү болуп саналат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 



Тектеш кабарлар