Антальяда орус турист рекорду

Антальяда 4 миллион 200 миң орусиялык турист эс алды

Антальяда орус турист рекорду

Анталья 4 миллион орусиялык туристти тосуп алып, жаңы рекорд жаратты.

Орусиянын Тур операторлор бирикмеси, январь-ноябрь айларынын аралыгында Антальяда 4 миллион 200 миң орусиялык туристтин эс алганын билдирди.

Анталья аэропортуна 3 миллион 700 миң орусиялык турист консо, 500 миң орус да Аланья аэропортун колдонду.

Шаарды 2014-жылы 3 миллион 478 миң Орусия жараны кыдырган болчу.

Көрсөткүчтөргө караганда Орусия 38,4 пайыз менен январь-ноябрь айларынын аралыгында Антальяга эң көп турист жиберген өлкө болду. Андан кийин 16,8 пайыз менен Германия жана 7,4 пайыз менен Украина турат.



Тектеш кабарлар