Жашылча - жемиш экспорту
Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта 2016 - жылы Түркия экспорттогон жашылча - жемиштен 1 миллиард 979 миллион доллар киреше алынган.

Түркиянын өткөн жылы жашылча - жемиш экспортунун 2016 - жылга караганда 13 пайызга артып 2 миллиард 231 миллион долларга чыккандыгы белгиленди. Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта 2016 - жылы Түркия экспорттогон жашылча - жемиштен 1 миллиард 979 миллион доллар киреше алынган.
Маалыматта көз караштарына орун берилген Түркия экспортчулар ассамблеясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Эгей жашылча – жемиш экспортчулар биримдигинин төрагасы Рыза Сеййар экспорттун артуусунда аба жолу аркылуу жүк ташуунун да таасиринин бар экендигин айтты.
Жашылча - мөмө экспортунда аба жолу аркылуу жүк ташуунун үлүшүнүн 121 миллион 811 миң доллар экендигин билдирген Сеййар сектордун 2016 - жылы күн тартибине алган, 2017 - жылы да көп колдонгон аба жолу аркылуу жүк ташуунун үлүшүн чоңойтууну каалашкандарын белгиледи. Turkish Cargo Измир жүк ташуусунун директору Фаик Дениз да фирмадагы учак санынын 18ге жеткендигин билдирди.
Измир - Тель Авивдин ортосунда 1 жылдан бери ишемби күн сайын аба аркылуу жүк ташуу каттамдарынын бар экендигин белгилеген Дениз : «Тель Авивге барган аба жолу аркылуу жүк ташуу учагында эң көп балык ташылат. Продукцияны түрдөнтүүнү каалайбыз. Бул каттамда жашылча - жемиштин да болушу үчүн биргеликте иш алып баруу үчүн бул жердебиз. Өлкөнүн экономикасы үчүн кичинекей салым менен чоң айырмачылыкты жаратууга аракет кылып жатабыз»,- деди.