Кытай 1 миллиард долларын Түркиянын кайсы тармагына жумшайт?

Кытайдын мамлекеттик фирмасы HT Solar Enerji акционердик коомунун Түркиядагы башкы директору Робин Си, маалымат берди.

Кытай 1 миллиард долларын Түркиянын кайсы тармагына жумшайт?

Кытайдын мамлекеттик фирмасы HT Solar Enerji акционердик коомунун Түркиядагы башкы директору Робин Си, Жаңылануучу энергия булак аянты (YEKAга) кызыккандарын белгилеп, «1 миллиард доллардык инвестицияны эсептеп чыктык, муну ишке ашырууну максаттап жатабыз»,-деди.

Си, күндүн энергиясы жана технологиялары жарманкеси Solarexте Түркиядагы 600 мегаватт өлчөмдүү күн панели ишканалары менен сектордо лидер абалда экендиктерин билдирди.

YEKA тендериндеги «электр энергиясын топтоонун» мажбурдуулугунун маанисине токтолгон Си: «30 жылдан бери Кытайда электр энергиясын топтоонун үстүндө иштеп жатабыз. Топтоо тармагында дагы, Изилдөө-өнүктүрүү тармагында дагы Түркиянын таштаган кадамдары өлкөнүн күндүн энергиясы технологияларын өнүктүрүшү жагынан маанилүү экенин ойлоодомун. Бул тармактагы тажрыйбаларыбызды бөлүшүүнү каалайбыз»,-деп айтты.

Си, технология фирмасы Huawei менен күндүн энергиясы системаларынын эң маанилүү аппараттарынан бири болгон «инвертердин» Түркия базарында сатуу жана таркатуусун камтыган өкүлдүк келишимине кол койгондорун айтты.

Huawei, күндүн энергиясын айландыруу аппараттары, телекоммуникация жана терминал шаймандары менен компьютердик программа даярдоо сыяктуу тармактарда иш алып барууда.



Тектеш кабарлар