Орусияга бут кийим экспорту 188 пайызга өстү

Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда бут кийим өндүрүүдө маанилүү бир орунга ээ болгон Түркиянын бул сектордогу экспорту өсүүдө.

Орусияга бут кийим экспорту 188 пайызга өстү

Түркиянын 2018 -  жылдын биринчи үч айында Орусияга жасай турган бут кийим экспорту 2017 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 188 пайызга өсүү менен 53 миллион долларга чыкты.

Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда бут кийим өндүрүүдө маанилүү бир орунга ээ болгон Түркиянын бул сектордогу экспорту өсүүдө.

2018 – жылдын Түркиянын январь  -  март айларындагы бут кийим экспорту мурунку жылдын ушул эле мезгилине караганда 27 пайыздык өсүү менен 281 миллион доллар болду. Бул мезгилде Орусияга жасалган бут кийим экспортуна көңүл бурулду.

Сектордун маанилүү базары болгон Орусияга 2017 -  жылдын биринчи 3 айында 18,4 миллион долларлык бут кийим экспорттогон түрк ишкерлери бул санды 2018 – жылдын ушул эле мезгилинде 188 пайызга өстүрүү менен өлкөгө 53 миллион доллар валюта киргизди.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Эгей булгаары жана булгаары продукцияларын экспорттоочулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Жак Галико сектордун 2002 – жылы 131 миллион долларлык деңгээлде болгон экспортунун 2017 -  жылдын акырынан баштап 769 миллион долларга жеткендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар