Кушадасына круиздик кемелер келди

Кемелерден түшкөн туристтер шаарды кыдырып жүрүшөт.

Кушадасына круиздик кемелер келди

Айдындын Кушадасы районуна 2 миң 700 жүргүнчү жана 2 миң экипаждык 3 кеме келди.

Кемелерден түшкөн көп сандаган туристтер, бекер ташуучу автобустар менен байыркы Эфес шаары жана Мариям эне үйүн көздөй жөнөштү. Айрым туристтер болсо Кушадасында шаарды кыдырышты.

Эгей портунун башкы директору Азиз Гүнгөр билдирүүсүндө, жалпы 2 миң 700 турист жана 2 миң экипаждык үч кеменин районго кыймылдуулук алып келгенин белгилеп, портко эртең да 600 жүргүнчү жана 500 экипаждык «Silver Muse» аттуу кеменин токтой турганын айтты.

Круиздик кемелер аркылуу Түркияга келген жүргүнчүлөрдүн 75 пайызынын Кушадасында тосулуп алынганын айткан Гүнгөр, жайкы сезондо жалпы 140 кеменин портко каттаганын билдирди.



Тектеш кабарлар