Евразияга сереп салуу-39

Кыргызстанда өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити

Евразияга сереп салуу-39

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Кыргызстанда өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саммити жөнүндө сөз кылабыз.

16-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинде КМШнын мамлекет башчыларынын саммити болду. 25-отуруму өткөрүлгөн саммитке келген лидерлерди «Манас» эл аралык аэропортунда өкмөт башчы Сооранбай Жээнбеков тосуп алды.

Владимир Путиндин эки саат кечигишинин себебинен саат 16.00да баштала турчу саммит саат 18.00де башталды. Саммитке Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Армениянын президенттери, Молдованын премьер-министри, Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары, Өзбекстандын тышкы иштер министри жана Украианын Кыргызстандагы элчиси катышты.

Саммиттин ачылыш сөзүн сүйлөгөн президент Атамбаев конокторду КМШнын 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Президент Алмазбек Атамбаев мааракелик саммиттин жылуу жана иштиктүү атмосферада өтөөрүнө, ошондой эле тараптарлардын бардык темада бирдей пикирге келээрине ишенгендигин белгиледи. Атамбаев Кыргызстандын жетекчилигинде өткөрүлгөн 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына байланыштуу тексти БУУнун Башкы Ассамблеясына  тапшырууну пландагандарын да кошумчалады. Лидерлердин тар чөйрөдөгү сүйлөшүүсүнөн кийин отурум кеңейтилген форматка өттү.

Саммиттин кеңейтилген жыйыны 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду эскерүү менен башталды. Саммиттин катышуучулары Каримовду бир мүнөттүк эскеришти. Президент Атамбаев өзбек элине көңүл айтты жана Өзбекстанда боло турган президенттик шайлоонун тынч өтүшүн каалады.

Саммитте уюмдун учурдун шарттарына ылайыктуу иштерди жасашы, уюмдун абалынын күчтөндүрүлүшү, эл аралык террорго каршы күрөш, 2020-жылы уюмга мүчө өлкөлөрдө өтүүчү эл каттоо сыяктуу маселелер талкууланды. Президент Назарбаев уюмдун коргоо жана эркин соода тармактарында күтүлгөндү бербегендигин билдирди. Беларустун президенти Лукашенко болсо, уюмдун абалынын начарлап баратканын белгиледи.

КМШ самминин аягында мүчө өлкөлөрдү кызыктырган 14 документке кол коюлду. 2017-жылы КМШга Орусия төрагалык кылат. Негизи саммитке жетекчилик кылуунун кезеги Молдовада эле. Бирок экономикалык жана башка кыйынчылыктардын себебинен Молдова саммитке төрагалык кыла албай турганын билдиргендиктен, лидерлер келээрки жылы Орусияда чогулууну чечти. Украина элчиси, Орусиянын эмдиги жылы саммитке жетекчилик кылышына жана 2020-жылы уюмга мүчө өлкөлөрдө өтө турчу эл каттоого Крымдан улам каршы чыкты.

Саммиттин алкагында көп сандаган эки тараптуу сүйлөшүүлөр да болду. Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүдө Путин Атамбаевди 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Орусиянын Александр Невский ордени менен сыйлады.

Саммиттин аягында Кыргызстан, Орусия жана Армениянын президенттери менен Молдованын премьер-министри 1916-жылы кыргынга учураган кыргыздар үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту.

Кыргызстан 3 жолу төрагалык кылган КМШнын мааракелик жыйыны 11 лидердин алтысынын катышуусунда өттү. Бул жагдай уюмдун абалын ачык түрдө көрсөтүүдө. Мурдагы Советтер Союзундагы Республикаларды чогултуу милдетин алган бул уюмдун келечеги анча жакшы эмес. Бишкекте өткөрүлгөн жыйында лидерлер уюмдун катчылык кызматкерлеринин азайтылышын, экономикалык маселелердин уюмдун күн тартибинен чыгартылышын көтөрүп чыгышты. Булардын бардыгы КМШнын кийинки жылдарда да ишин улантуусу үчүн ансыз деле аз болгон иш-чараларын дагы да азайта тургандыгын ортого салууда.

Жыйында Тоолуу Карабахка байланыштуу арыз-муңун сөз кылган Саркисьянга Азербайжандын президенти күчтүү түрдө жооп берди. «Армения тарап ушул сыяктуу арыздануулары менен бардык эл аралык уюмдарды тажатты»,- деген Алиев, 2016-жылдын апрель айында прокация кылган тараптын Армения экенин жана азербайжандык 10 карапайым адамдын ушул окуяда каза болгонун, 20 жыл бою маселени чечүүнүн ордуна шылтоо кылып жараянды узарткан, мыйзамсыздыктарды кылып БУУнун токтомдорун бузган тараптын Армения, зыян тарткан жана акылуу тараптын Азербайжан экенин билдирди.

Ал эми 1916-жылы орус падышачылыгынын кыргынына учураган кыргыздар үчүн тургузулган эстеликке Путиндин зыярат кылышын саммиттин алкагында ишке ашкан оң жылыш десек жаңылышпайбыз.



Тектеш кабарлар