Евразияга сереп салуу-42

Грузияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо

Евразияга сереп салуу-42

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Грузияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылабыз.

2016-жылдын 8-октябрында Грузияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Төрт жылда бир өткөрүлгөн жана 150 эл өкүлүн белгилеген шайлоо айрым окуялар эске алынбаганда тынч өттү. Ишемби күнү болгон парламенттик шайлоого 111 жергиликтүү жана 55 эл аралык уюмдан 1440 байкоочу көз салды. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жарыясына караганда, парламенттик шайлоодо 1 миллион 814 миң шайлоочу өз добушун берди жана ага катышуу 51,63 пайыз болду.

Көз карандысыз Грузиянын 9-чакырылыштагы парламенти үчүн 50дөн ашуун партия шайлоого катышуу үчүн кайрылган жана алардан 19 партия менен 6 саясий блок гана тизмеге кире алды. Грузиянын парламентинде орун ала турган 150 өкүлүнөн 77си партиялардын тизмеси менен шайланса, 73 эл өкүлү да Грузия райондорунан өзүнчө шайлоо тизмеси менен шайланууда. Райондордон шайлана турган 73 эл өкүлү үчүн 59у көз карандысыз болгон 800дөн ашуун талапкер ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тамара Жвания, райондордон шайлана турчу талапкерлердин көбү абсолюттук көпчүлүк болгон 50 пайыздык добушка ээ боло албагандыктан 50 чакты аймакта шайлоолордун экинчи айлампасынын өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Расмий болбогон жыйынтыктарга караганда мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин 2012-жылы түзгөн бийликтеги Грузин кыялы партиясы өлкөнүн жалпысында добуштардын 48 пайызына жакынын алды. Грузиянын мурдагы президенти жана учурдагы Украинанын Одессадагы губернатору Михаил Саакашвилинин оппозициядагы Бирдиктүү Грузия партиясы добуштардын 27 пайызын алып, парламенттеги оппоциялык ордун сактады. Парламенттик шайлоодо үчүнчү болгон Грузия Патриоттук Бирикмесинин 5 пайыздык шайлоо чегинен өтүп же өтпөгөндүгү добуштардын бардыгы саналып бүткөндөн кийин белгилүү болот. Алгачкы жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин Грузиянын премьер-министри Георгий Кривашвили шайлоону жеңгендерин жарыялады. Мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили да шайлоочуларга ыраазычылык билдирди.

Шайлоо участкалары жабылгандан кийин добуш берүү убагында бурмалоо болгонун белгилеген 46 арыз саясий партиялар жана байкоочулар тарабынан Шайлоо комиссиясына тапшырылды. Оппозициядагы партиялар шайлоонун бурамалангандыгын билдиришти. Парламенттик шайлоого байкоочу катары катышкан уюмдардын көбү шайлоолордо кичинекей жаңылыштыктардын болгонун бирок жалпысынан алганда шайлоонун тынч жана таза өткөндүгүн белгилешти. Шайлоого байланыштуу эң көп көңүлдү бурган жана эскертүүчү мүнөздөгү билдирүү ЕККУнун делегациянан айтылды. Парламенттик шайлоонун так жыйынтыктарынын ноябрь айынын аягында белгилүү болоору маалымдалды.

2013-жылы парламенттик системага өткөн Грузияда шайлоолордун дагы ачык, адилеттүү өтө баштагандыгы адистер тарабынан белгиленүүдө. Мындан мурдагы шайлоого салыштырмалуу бийликтеги партия добуштарын көбөйтсө, оппозициялык партиянын добуштары азайды. Грузин кыялы партиясынын шайлоолордогу ийгилигин алардын тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүшүнөн улам десек жаңылышпайбыз. Бул партия Орусия менен конструктивдүү диалог куруп жана Грузиянын Европа Биримдигине визасыз саякат кылышын камсыздады.

Шайлоо процессинде айрым партиялыктардын Түркияны ички саясаттарына пайдаланууга аракет кылгандары көрүндү. Түркия менен өтө жакшы алакаларга ээ болгон Грузиянын ушул сыяктуу жагдайларга карабастан эки тараптуу карым-катнаштарын өнүктүрүп уланта берээри анык.

Шайлоо алдында болгон окуялардын бири да Бирдиктүү улуттук кыймылынын өкүлү Гиви Таргамадзенин унаасына 4-октябрь түнү бомбалуу кол салуу болушу эле. Саламаттык сактоо министри Давид Сергеенко телеканалга берген маегинде унаадагы адамдардын биринин оор жаракат алгандыгын бирок учурда жакшы экенин айтты. Ошентип бул окуя шайлоонун үзгүлтүккө учурашына себепкер болгон жок.

25 жылдын ичинде көптөгөн окуяны башынан өткөргөн Грузия эли бул парламенттик шайлоодон да күчтөнүп жеңип чыгат.



Тектеш кабарлар