Евразияга сереп салуу-48

Эрдогандын Өзбекстанга сапары

Евразияга сереп салуу-48

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө президент Режеп Тайип Эрдогандын Өзбекстанга сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 17-18-ноябрда Өзбекстанга тарыхый сапар жасады. Пакистандан Самаркандга келген президент Эрдоганды Самарканд аэропортунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов тосуп алды. Эрдоган Самаркандда алгач Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кабырын зыярат кылды. Зыярат убагында президент Эрдоганды президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев коштоп жүрдү.

Андан соң президент Режеп Тайип Эрдоган Самарканддагы мамлекеттик конок үйүндө Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүү өткөрдү. Эрдоган сүйлөшүүдө: «Өзбекстан түптүү мамлекеттик салты, тарыхый мурасы жана стратегиялык абалы менен аймакта ырааттуулуктун кепилдиги. Өзбекстандын саясий туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн улантаарына ишенемин. 4-декабрдагы шайлоолордо ийгилик каалаймын. Шайлоодон кийин президенттик деңгээлдеги алгачкы сапардын Өзбекстандан өлкөбүзгө же өлкөбүздөн Өзбекстанга ишке ашырылышын ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- деп айтты. Мирзиёев болсо: «Сиздин бир канча жолу айтканыңыздай «туугандыкты бир гана сөз менен эмес, кызматташууда, ишке ашырыла турчу иштерде көрсөтүүнүн убагы келди» дегениңиз мага өтө жакын сезилүүдө» деди.

Эртеси күнү президент Эрдоган Самарканд шаарынын тарыхый жерлерин кыдырды жана сапар ушундайча аяктады.

Президент Режеп Тайип Эрдоган август айынан бери кезеги менен Орусия, Кытай, Беларусь, Пакистан жана Өзбекстанга сапар жасады. Бул өлкөлөрдүн орток эки өзгөчөлүгү жалпысынан алганда булардын чыгыш өлкөлөрү болушу жана Шанхай Кызматаштык Уюмуна мүчө же байкоочу болгондору эле. Президент Эрдогандын Өзбекстандан кайтып келе жатканда: «Шанхай бештиги бизди жеңилдетет» деген билдирүүсү ушул жагынан маанилүү эле. Президент Эрдогандын Өзбекстанга сапары жалгыз гана Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кошулууну каалашы менен байланыштуу эмес. Түркия Өзбекстан менен 1990-жылдардын башында бузулган эки тараптуу алакаларын оңдоону каалап жатат.

Эрдоган жаңы премьер-министр болуп шайланганда Өзбекстанга расмий сапар жасаган. Бирок ал учурларда өз ара мамилелердин оңолушу мүмкүн болгон эмес. Самаркандда өткөрүлгөн сүйлөшүүдө Шавкат Мирзиёев буга шилтеме кылды. Анткени ал жылдарда Мирзиёев да жаңы премьер-министр болуп шайланган жана кесиптеши Эрдоганды Өзбекстанда тосуп алган болчу.

Түркия 2012-жылы кайрадан карым-катнаштардын оңолуусу үчүн ишке киришти. Ошол мезгилдин тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Нью-Йоркто Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуп, 2013-2015-жыдарды камтый турчу кызматташуу планынын даярдалышы темасында макулдашышкан болчу. 2013-жылдын ноябрь айында ал мезгилдин маданият министри Эртугрул Гүнай Өзбекстанга сапар жасаган. 2014-жылы Эрдоган премьер-министр кезинде Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Орусияга барып, ал жерде Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов менен жолугушту. Ал эми эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 2014-жылдын май айында Шанхайда өткөрүлгөн Азияда кызматташтык жана ишенимди арттыруучу чаралар конференциясында жолугушушкан. 2014-жылдын 10-12-июлунда ал мезгилдин тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу, 2014-жылдын 13-14-сентябрында болсо жаштар жана спорт министри Чагатай Кылыч Өзбекстанга сапар жасашкан. Бул жагдайлар болуп жатканда Түркия Ташкентке жаңы элчисин дайындады.

Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтышынан кийин президент болушу күтүлгөн Шавкат Мирзиёев коңшулары менен жакшы мамиле түзөөрүн билдирди. Өзбекстан Каримовдун оорусу менен алпурушуп жатып 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу билдирүү айтпаганына карабастан, Түркия Каримовдун жаназа зыйнатына премьер-министр деңгээлинде делегация жөнөтүп өз ара карым-катнаштарды өнүктүүнү каалагандарын кайрадан билдирди.

Өзбекстан-Түркия карым-катнаштарынын жогорку деңгээлге жеткирилиши эки тараптуу, аймактык жана Түрк Республикаларынын ортосундагы алакалардын бекемделиши жагынан абдан маанилүү. 30 милиондон ашуун калкы, күчтүү армиясы жана калыптанган мамлекеттик системасы менен Өзбекстан аймактын чечүүчү өлкөсү болуп саналат.

Эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылы 1,2 миллиард доллар болгон соода көлөмү саясий алакалардын бекембелиши менен эки эсе көбөйтүлсө болот. Экономикалык байланыштардын өнүктүрүлүшү саясий карым-катнаштардын бузулушуна бөгөт болот. Эми жооп кайтаруу сапарынын кезеги Өзбекстанда.



Тектеш кабарлар