Евразияга сереп салуу-49

Украинадагы акыркы кырдаал

Евразияга сереп салуу-49

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Украинадагы акыркы кырдаал жөнүндө сөз кылабыз.

Украина кризиси мурдагысына салыштырмалуу адамдардын жабыркашы жагынан нормалдашканына карабастан, маселенин чечилээрине байланыштуу белгилер азырынча көрүнбөй эле. Алгач Украина кризисине байланыштуу акыркы мезгилде болгон окуяларга көз чаптыралы.

 19-октябрда Германия, Орусия, Франция жана Украинанын президенттеринин катышуусунда Берлинде Нормандия төрттүгүнүн жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын аягында маалымат берген Украинанын президенти Петр Порошенко, Украинанын чыгышындагы кризистин чечилүүсүнө карата жол картасынын түзүлүүсү темасында макулдашкандарын билдирди.

 Украинанын парламенти, октябрь айында эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн улуттук парламенттерине Орусиянын Крым Татар Улуттук парламентине тыюу салуу чечимин айыптоо жана кабыл албоо чакырыгын салган токтомду бекитти.

 Варшавада 28-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын Орусияга каршы санкция саясаты темалары боюнча координатору Дэниел Фрид: «Орто мөөнөттүү келечекте Крымдын кайрадан Украинанын көзөмөлүнө өтүүсү мүмкүн эмес. Ал үчүн дагы да узак мөөнөт керек»,- деп айтты. Буга окшогон билдирүү 27-нобярда Украинанын басылып алынган аймактар жана ички миграция боюнча министринин орун басары Георгий Тука тарабынан айтылган.

 31-октябрда Украианын президенти Петр Порошенко тарабынан 17-октябрда кол коюлган Орусияга каршы кеңейтилген санкциялар күчүнө киргизилди.

 Украинанын Улуттук билим берүү жана илим министрлиги, Орусиянын мамлекеттик символун камтыган орусча окуу китептерине тыюу салды.

Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун атайын байкоо салуучу миссиясынын төрагасы Александр Хуг, 3-ноябрда Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулардын санынын ок атпоо келишиминен мурда болгон куралдуу кол салуулардын санынан ашканын билдирди.

 Украианын Одесса шаарындагы Приморский райондук соту, Крым менен Түркиянын ортосунда деңиз каттамдарын жүргүзгөн «Варяг» кемеси үчүн «камакка алуу» өкүмүн чыгарды. Бир жылдан кийин кайрадан октябрь айында каттамдарын жүргүзө баштаган кеме көбүнчө мөмө-жемиш ташууда.

Украина кризисине байланыштуу отчет даярдаган Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсоуда, Крымдагы учурдагы абалды Орусия менен Украинанын ортосундагы «куралдуу кагылышуу» деп мүнөздөдү.

10-ноябрда Орусиянын чалгындоо кызматы Крымда Украинанын эки жаранын тыңчылык кылды деген күнөөлөө менен кармады. Алардын соту Крымда уланып жатат. Орусиянын бул мамилесине жооп иретинде 23-ноябрда Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан Крым чек арасында камакка алынган орусиялык 2 аскердин 2 айга камакка алынгандыгы билдирилди.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 15-ноябрда Крым Автономдук Республикасы жана Севастополь шарындагы адам укуктарынын абалына байланыштуу чечимди кабыл алды. Токтом үчүн 73 өлкө «макул» добушун берсе, 23 өлкө каршы чыкты, 76 делегация да арсар калды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 17-ноябрда Украинанын чыгышындагы кагылышуулардын токтотулушуна жана аймакта адилеттүү шайлоолордун өткөрүлүшүнө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

17-ноябрда Европа Биримдиги кеңеши, Украина менен визалардын жоюлушу темасында алдын ала макулдук берилгендигин жана Европа Парламенти менен сүйлөшүүлөрдүн баштатыла турганын билдирди. 25-ноябрда болсо Европа Биримдиги-Украина жыйынынын 18чиси Брюсселде өткөрүлдү. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер жана Украианын президенти Петр Порошенко катышкан жыйында виза эркиндиги, өнөктөштүк келишими, энергетика жана Орусия темалары каралды. Бирок бул жолугушууда Украинаны визадан бошотуу чечими кабыл алынган жок.

18-ноябрда Украинанын президенти Петр Порошенконун, Киевде 2013-2014-жылдарда болгон өкмөткө каршы митингдерге байланыштуу Башкы прокурордукка сурак бергени жөнүндө маалыматтар айтылды.

Перунун борбору Лимада 20-ноябрда өткөрүлгөн Азия Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама Украина маселесин кыскача сүйлөшүштү.

21-ноябрда Украинанын борбору Киевде 2013-2014-жылдарда болгон Аянт окуяларынын 3 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Москванын Арбитраждык соту 21-ноябрда Украинанын мамлекеттик учак чыгаруучусу «Антонов» мамлекеттик ишканасынын Орусиянын Коргоо министрлигине орто эсеп менен 2.76 миллион доллардык кун төлөшүнө чечим чыгарды.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко 23-ноябрда, Крымга 72 миң 766 орус жаранынын алып келингенин билдирди.

Орусиянын аба транспорту агенттиги (Росавиация) 25-ноябрда Украинанын Крымдын аба мейкиндигине жакын аймакта ракета учуруу сыноолорун да камтыган машыгуу өткөрүү чечимин чыгарганын маалымдады. Бул маалыматтар боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги Украианын Орусиядагы аскердик атташесин министрликке чакыртты.

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович 25-ноябрда маалымат жыйын өткөрүп Крымдын Орусия менен биригишине Киевде 2013-жылы башталган Аянттагы митингдер убагында радикалдардын провокациялары себепчи болгонун айтты.

Донбасстагы кагылышуунун тез арада токтошун жана адамдардын өз үйлөрүнө кайтуусун каалаганын айткан Янукович: «Донбасстын Украинанын ичинде калышын жактаймын»,- деди.

Украина кризиси тоңдуруп койгон сыяктуу турат. Акыркы мезгилдерде болгон жагдайлар, Украина менен Орусиянын тирешүүсүнүн улангандыгын көрсөтүүдө.

Эки тараптуу санкциялар маселенин чечилишине терс таасир тийгизип жатат. Европа Биримдиги Украина жарандарына визасыз кирүү маселесин дагы бир канча мөөнөткө кечеңдетти. Айрым саясатчылардын ачык түрдө Крымдын Украинага кайтарылышы кыска мөөнөттө мүмкүн эмес деген билдирүүлөрү, кризистин чечилишине канчалык салым кошконун жакшы баамдашыбыз керек. Түшүнүктүү болгондой Украинанын чыгышы быйылкы кышты да татаал шарттарда өткөрө турганы анык.



Тектеш кабарлар