Кыргызстанда биринчи жолу шумкар багуучу жай ачылмакчы

Мындай канаттууларды багуучу жай дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок

Кыргызстанда биринчи жолу шумкар багуучу жай ачылмакчы

Кыргызстанда биринчи жолу шумкар багуучу жай ачылмакчы. Бул жырткыч канаттууларды калыбына келтирүүчү, аңчылык кылууга даярдоочу жана өнүктүрүүчү атайын борбор болот. 

Ал “Мурас” шумкарлар борбору деп аталат. Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынан шумкарлардын 10го жакын түрлөрү алынып келип, багууга берилди. 

Бүгүн Дубайдан учкан дүйнөдөгү ири учактардын бири “Боинг 747” Манас аэропортуна түштөн кийин 3 жарымда келип конду. Ал Бириккен Араб Эмираттарынан жырткыч канатууларды алып келди. Шумкарлар борборун курууга бир нече жылдар талап кылынган. Курулуш иштери эми гана бүттү. Мындай канаттууларды багуучу жай дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок дешет. 

Ал Түп районунда курулган. Деңиз деңгээлинен бийик жана мезгил шарты ылайыктуу. Мунун бардыгы шумкарлардын жашоосуна ыңгайлуу. Кыргызстанга шумкарларды алып келүүнүн себеби, канаттууларды багуучу жайда алар көбөйөт, ал эми жырткыч канаттуулардын 40 пайызга жакынын эркиндикке кое беришмекчи.  

 Шумкарлар борбору мындан бир нече ай мурун эле ачылышы керек болчу, бирок айрым белгилүү бир себептерден улам бул иш аракет кечеңдеп келген.



Тектеш кабарлар