Курман Айт майрамы

Мусулмандар Курман айтты майрамдап жатат

Курман Айт майрамы

Бүгүн мусулман дүйнөсү Курман айтты майрамдап жатат. Азирети Ибрахим пайгамбарга уулун курмандыкка чалбоосу үчүн Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн койдун курмандыкка чалынышы менен башталган сыйынуу адамзат тарыхына өттү. Биз үчүн Алла ыраазычылыгы үчүн курмандыкка мал союу салтынын чоң мааниси бар. Адал акча менен алынган мал бул күндө күнөөлөрдөн кечирилүү ойлору менен дуба кылынып союлат. Каалагандар майрамдын башка күндөрүндө да малын союп дуба кыла алышат. Курмандыкка чалынган малдын этинин бир бөлүгү үй-бүлөгө калтырылат, бир бөлүгү кедейлерге таратылат, бир бөлүгү да майрамда үйгө келген конокторго тартылат. Улууларга барып алар майрамы менен куттукталат, балдар болсо тыйын, таттуу берилип кубандырылат. Бүткүл дүйнөдө бизди өкүндүргөн кагылышуулардын, кыргындардын, жек көрүү жана өчтүн Курман айт майрамы менен соңуна чыгышын тилеп, Айтыңыздар маарек болсун демекчибиз!



Тектеш кабарлар