Швейцарияда фотосүрөт көргөзмөсү

«Сырга толгон Анадолу: 81 област 81 фотосүрөт»

Швейцарияда фотосүрөт көргөзмөсү

Фотосүрөтчү Ресул Челик Швейцариянын Женева шаарында «Сырга толгон Анадолу: 81 област 81 сүрөт» аттуу фотосүрөт көргөзмөсүн ачты.

Анадолунун ар кайсы аймактарынан тартылган 81 фотосүрөт орун алган көргөзмөдө, Челиктин объективине чагылган көрүнүштөр көрсөтүлүүдө.

Көрсөтүлгөн 81 фотосүрөт аркылуу 81 областтын ар түрдүү өзгөчөлүктөрү, сырдуу сулуулугу, табигый жана маданий баалуулуктары түшүндүрүлдү.

Ресул Челик,фотосүрөт көргөзмөсү долбооруна 11 жыл даярданганын айтты.

Фотосүрөттөрдүн Түркиянын ар кайсы жерлеринде көрсөтүлгөнүн айткан Челик, көргөзмөнүн чет өлкөдө биринчи жолу Швейцарияда Цюрих менен Женевада ачылганын белгиледи.

Женевадагы көргөзмө 17-сентябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар