ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясына кызыгуу артууда

ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясынын алтынчысы «Балдар медиасында өкүлдүк, плюрализм жана интеграция; маселелер жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен Стамбулда өтөт.

ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясына кызыгуу артууда

Түркия радио-телеберүү мекемеси-ТРТнын Эл аралык Балдар медиа конференциясынын алтынчысы «Балдар медиасында өкүлдүк, плюрализм жана интеграция; маселелер жана мүмкүнчүлүктөр» темасы менен Стамбулда өтөт.

ТРТнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда 1-2-ноябрь күндөрүндө боло турган конференция, өз тармагында адистешкен профессионалдарды тосуп алат.

Отурумдарда жергиликтүү жана чет элдик академиктер, мазмун камсыздоочулар жана сектордун өкүлдөрү да ар башка темаларда баяндама жасап, атайын изилдөөлөрүн бөлүшөт.

Программанын биринчи күнүндө «Бозгун балдардын интеграциясы жана медиадан пайдалануусу» менен «Майып балдар үчүн медиа; аралашуу, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана мүмкүндүк» сыяктуу темаларга орун берилет.

Экинчи күнү болсо «Медиа мазмундарында баш калкалоочу жана бозгун балдар» жана «Медиада этникалык өкүлдүк» темалуу баяндамалар жасалат. Конференция атайын семинарлар менен коштолот.

Иш-чарада «Түркияда сириялык бала болуу» аттуу кыска метраждуу кино тасма сынагынын жыйынтыктары жарыяланат.

Үйрөнчүк жана профессионалдык кыска метраждуу кино тасмачыларды колдоо, жогорку сапаттуу кыска метраждуу тасмалардын көрүүчүгө жеткирилишин камсыздоо жана Түркияда сириялык балдардын турмуштарын дагы жакындан карап коомдук пикирде маалымдуулукту түзүү максаты менен өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү, сыйлыктарын конференцияга атайын чакырылган режиссер Межид Межиддин колунан алат.

Балдар телеканалында Эл аралык эмгектерди кылган Atan Prix Jeunesse да атайын семинарларын 6-Эл аралык балдар медиасы конференциясы убагында тынымсыз улантат.

Иш-чаранын биринчи күнүндө таза бала жетилтүүнүн оң жана терс бардык жактары сүйлөшүлө турган «Балдар медиасы стерилдөө аракеттери жана жыйынтыктары» семинарлары ишке ашырылат.

Экинчи күндө «Медиага карата мамилелер жана иш-аракеттер;эне-ата-бала» аттуу семинарда тема кеңири каралат.

Экинчи күндө түштөн кийин болсо балдар телеберүүсү жана медиасында эл аралык иштер жана ателье иш-аракеттери менен маалымдуулукту түзгөн Prix Jeunesse International  атайын жана тар чөйрөдө семинар өткөрөт.



Тектеш кабарлар