Түркиядан бүтүрүүчүлөр Москвада жолукту

Орусиянын борбор шаары Москвада Түркиядан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу программасы уюштурулду.

Түркиядан бүтүрүүчүлөр Москвада жолукту

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) Орусиянын борбор шаары Москвада Түркиядан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу программасын уюштурду.

YTBнын  жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Түркиянын Москвадагы элчилигинин эгедерлигинде өткөн программага Түркиянын Москвадагы элчиси Хүсейин Дириөз, YTBнын  төрага орун басары Хүсейин Гүндогар, «Юнус Эмре» институтунун директору, проф.др.Өмер Өзкан, чет элдик миссиялардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк Түрк иш кеңешинин Евразия комитетинин башчысы Али Галип Савашыр, түрк ишкерлери, Орусиянын Якутия, Бурятия, Хакасия, Дагестан, Татарстан и Башкортостан сыяктуу ар башка жана алыс аймактары менен катар Орусияда жашаган Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын атуулдарынан көп сандаган бүтүрүүчү катышты.

Элчи Дириөз, программадагы сөзүндө, көп жылдардан кийин бүтүрүүчүлөрдүн жолугуусуна себепчи болгон  YTBга ырахмат айтып, жолугушуу аркылуу бири-бирин көптөн бери көрбөгөн кишилердин жакшы достук жана туугандык чөйрөсүндө кайра чогулганын айтты.

Түркия-Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын күн өткөн сайын дагы да чыңдалганын баса белгилеген Дириөз, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин бүгүн боло турган эки тараптуу жолугушуусу, акыркы бир жылдагы алтынчы бетме-бет жолугушуусу боло турганын белгилеп өттү.

Дириөз, Түркия жана Орусиянын арасында саясий, экономикалык, академиялык жана социалдык карым-катнаштарда чоң жол басылып өтүлгөнүн жана Түркиянын бүтүрүүчүлөрүнүн бул жагынан алганда маанилүү салымдарды кошо турганын баса белгилеп, жолугушуунун ушул күнгө туура келгенине абдан ыраазы болгонун айтты.

YTBнын төрага орун басары Гүндогар да Түркиянын 70 жылдан бери эл аралык студенттерди тосуп алганын, акыркы 25 жылда систематыкалык түрдө мамлекеттик стипендия камсыздалганын белгиледи.

Орусиядан 1992-жылдан бери 4 миңдей окуучуга стипендия берип билим алуу укугун тааныганын, учурда миңге жакын орус окуучунун Түркияда стипендия же стипендиясыз билим алганына көңүл бурган Гүндогар, Түркияда жетилген адам ресурсунун өлкөлөрүнө кайтууларынын шыктандырылганын айтты.



Тектеш кабарлар