Нобель сыйлыктары 10-декабарда тапшырылат

Нобель жумалыгы башталды

Нобель сыйлыктары 10-декабарда тапшырылат

Медицина, химия, физика, адабият жана экономика тармагында Нобелдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктары быйыл 10-декабрда өткөрүлө турган аземде тапшырылат.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо өтө турган сыйлык тапшыруу аземине Король Карл 16- Густав да катышат.

Аземде сыйлыктын ээлерине 9 миллион Швеция крону (орто эсеп менен 900 миң евро) жана медаль ыйгарылат.

Новелдин Тынчтык сыйлыгынын ээсине болсо Норвегиянын борбор шаары Ослодо азем өткөрүлөт.

Бул учурда Нобель жумалыгынын алкагында, октбярь айында Нобель комитети тарабынан жарыяланган медицина, химия, физика, адабият жана экономика сыйлыктарынын ээлери Стокгольмго барышты.

Алар Нобель музейин кыдырышып, салттуу түрдө аткарылган жана музейде сакталган кара отургучтарга кол тамгаларын калтырып Нобель жумалыгын баштатышты.



Тектеш кабарлар