Сарыкамыш шейиттери өлкөнүн ар тарабында эскерилди

Сарыкамыш шейиттери бир гана Карста эмес өлкөнүн төрт тарабында эскерилди.

Сарыкамыш шейиттери өлкөнүн ар тарабында эскерилди

Сарыкамыш шейиттери бир гана Карста эмес өлкөнүн төрт тарабында уюштурулган жүрүштөр менен эскерилди.

Ванда болсо ок-дары ташып бара жатып тоңуган 120 бала үчүн шамдуу жүрүш уюштурулду.

Байбурттуктар, артвиндиктер, гүмүшханеликтер жана трабзондуктар ошол татаал шарттарда Аллаху Акбар тоолорунда шейит болгондорду эскериш үчүн басышты.

Байбуртта жүздөгөн жаш Аслан Тоосунун чокусун көздөй басышса, Артвинде шейиттер эстелигине зыярат кылынды.

Гүмүшханеликтер 2050 метр бийиктиктеги Зигана тоосуна, Трабзондогулар болсо Сис тоосуна чыгышты.

Тунжелидеги шейиттерди эскерүү жүрүшүнө миңдеген киши катышты.

Битлис, Хаккари, Сивас, Синоп, Токат, Чорум, Амасья, Батман, Бартин, Сакарья, Шанлыурфа  жана Элазыгда да оң миңдеген киши колдорундагы желектери менен тоңдуруучу суукта шейит болгон аталарын, чоң аталарын эскериш үчүн чогулушту.

Жөө жүрүштөн соң куран окулуп, дубалар кылынды.

Кожаелидеги жүрүшкө болсо вице-премьер Фикри Ышык жана көп сандаган атуул катышты.



Тектеш кабарлар