Куртулмуш Болгарияда Түркиянын туризмдеги өнүгүүсүн түшүндүрөт

Нуман Куртулмуш, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн туризм министрлери менен Болгарияда жолугат.

Куртулмуш Болгарияда Түркиянын туризмдеги өнүгүүсүн түшүндүрөт

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн туризм министрлери менен Болгарияда жолугат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Куртулмуш, Болгариянын борбор калаасы Софияда 12-13-февралда боло турган «Туризм министрлеринин жогорку деңгээлдеги жыйналышы» менен «Туризм жана экономикалык өсүү туурасында жогорку деңгээлдеги министрлер конференциясына» катышат.

Куртулмушту туризм секторунун өкүлдөрү да коштоп барышат.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн туризм министрлерине Түркиянын туризмдеги өсүүсүн түшүндүрө турган Куртулмуш, туризм тармагында адис мекеме жана ЕБнин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар