Анзак булуңундагы "Таңкы сыйынуулар"...

Гелиболу жарым аралындагы Анзак булуңунда салттык «Таңкы сыйынуу» өткөрүлдү.

anzak koyunda safak ayini2.jpg
anzak koyunda safak ayini1.jpg
Чанаккаледе курман болгон Анзактар эскерилди
Чанаккаледе курман болгон Анзактар эскерилди

Чанаккаледе курман болгон Анзактар Австралиянын ар кайсы шаарларында эскерилди.

Чанаккале кургактык согуштарынын 103 жылдыгын эскерүү аземдеринин алкагында Гелиболу жарым аралындагы Анзак булуңунда салттык «Таңкы сыйынуу» өткөрүлдү.

Австралиялык жана жаңы зеландиялыктардан турган 1300 чакты кишилик топ, түн ичинде Чанаккале шаарынын борборунан Гелиболу жарым аралына өттү.

Катышуучулар төшөктөргө жатып алып азем болуучу аянтка курулган чоң экрандан Чанаккале согуштары туурасында даректүү тасма, кино, репортаж жана айрым шаарлардагы Анзак күнү аземдерин көрүп «Таңкы сыйынуунун» башталышын күтүштү.

Анзак булуңунда саат 5:30да башталган азем бир саатка созулду.

Аземге, Жаңы Зеландиянын башкы губернатору Патси Редди, Англиянын Европа жана Америка боюнча жооптуу министри сир Алан Дункан, Австралиянын ички иштер министри Питер Дуттон, Англиянын Анкарадагы элчиси Доминик Чилкот, Франциянын коргоо атташеси Колонел Валери Сенс жана Түркия Республикасынан өкүл катары Чанаккале губернаторунун орун басары Туран Йылмаз менен көп сандаган жергиликтүү жана чет элдик тийиштүү кызматкерлер катышты.

Иш-чарада расмий сөз сүйлөөлөр болуп, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн Чанаккале согуштарында курман болгон чет өлкөлүк аскерлердин үй-бүлөлөрүнө жиберген кат окулду.

Айрым өлкөлөрдүн гүлчамбарларынын коюлушу жана таазим кылынышы менен уланган азем, Түркия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын улуттук гимндеринин окулушунун артынан дуба кылынышы менен аяктады.

Иш-чарага катышуучулар өздөрүнүн сезимдерин жана ойлорун бөлүшүп жатышты.

Анзак, Биринчи Дүйнөлүк согуштун баштарында Австралия жана Жаңы Зеландиянын армия корпусунун (Australian and New Zealand Army Corps) сөздөрүнүн баш тамгаларынын кыскартылышы менен түзүлгөн.

Анзаклар, 1915-жылы Чанаккаледе андан соң Жакынкы Чыгыш жана Европада шериктештеринин атынан согушту.

Анзак күнү болсо австралиялык жана жаңы зеландиялык аскерлердин 1915-жылы 25-апрелде Гелиболуга түшкөн күнү катары эскерилип келет.



Тектеш кабарлар