Мавзолейдеги музейдин ичинен согуш талаасындагы көз ирмемдер чагылдырылган

КТРКнын журналисттери Сүймөнкул Идирисов менен Адилет Дастан уулунун Ататүрктүн мавзолейине зыяраты...

Мавзолейдеги музейдин ичинен согуш талаасындагы көз ирмемдер чагылдырылган

Мавзолей маданият борбору

ТРТга иш-тажрыйбасын алуу максатында келгенибизге саналуу эле күндөр болду. Бул аралыкта Түркия мамлекетинин борбору болгон Анкара шаарын убактыбыздын жетишинче аралап жатабыз. Баш калаа абдан өнүгүптүр. Кадам сайын курулуш. Күзгүдөй жалтыраган 25-30 кабаттуу айнек имараттар, мрамордон салынган саргыч, сыйда дубалдар, көчөнү көркүнө чыгарган жапыс өскөн жапжашыл газондор, түркүн түстүү бак-дарактар, таш төшөлгөн таптаза жолдор көргөн көздү кубантып, көңүлүңдү көтөрөт... Айтор, дал ушундай кооз көрүнүштөргө бөлөнгөн Анкара барган сайын жаңыланып, жашарып жаткансыйт.

Баш калаага жасаган саякатыбыздын бүгүнкү багыты шаардын чок ортосунда жайгашкан Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи болду. Аталган мындай тарыхий жайды көргөн да, көрбөгөн да армандадыр. Замндын талабына жараша өнүгүп жаткан Анкарада тарыхты чагылдырган маданий жайлар жок эмес экен. Алардын бири дал ушул түрктөрдүн жакынкы тарыхын чагылдырган Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи.  Улуттук идеологияга жалпы элди үндөгөн мавзолей  Аныткабир деген экинчи аты менен дагы көпчүлүкө белгилүү. Бул жерге жылына миллиондогон зыярат кылуучулар келип, Мустафа Кемал Ататүрктүн өз мезгилинде жасаган эрдиктери менен таанышып кетишет. Анатолия жана хет доорундагыдай стилде салынган мавзолейдин астанасын аттап барганыбызда эле көңүлүбүздү бурган, өзүнө өзгөчө философияны камтыган 24 арстан болду. Анын мааниси: “Түрктөр өздөрү биринчи катылбайт, эгерде кимдир бирөө өздөрү тийишсе алардын катыгын берет” дегенди түшүндүрөт. Ал эми саны жагынан 24 болгонунун себеби, тарыхтагы Түрк элине тутумдуш болгон мамлекеттерди символдоп турат.

Белгилей кетсек, Түркия мамлекетинин түзүлүшүнө, анын гүлдөшүнө, улуттук аң-сезимдин калыптанышына зор салым кошкон Мустафа Кемалды эл, Ататүрк,  «түрктөрдүн атасы»-деп аташкан. Ал башкарган жылдардын аралыгында түрк эли абдан чоң ийгиликтерге жетишип, жерлерин басып алган душмандардан арылышкан. Ататүрк калк жыш жашаган жерлерге мектептерди салдырып, араб алфавитинен латынчага өткөрүп, элинин сабатсыздыктан арылышына өзгөчө маани берген. Аялдар менен эркектердин тең укуктуу болушуна көңүл бурган. Жалпысынан өлкөдө заманбап эл аралык стандарттагы чоң-чоң реформалар жасалган. 
Мустафа Кемал өз эли, жери үчүн жан дилинен кызмат кылгандыктан калктын ага болгон сый-урматы өтө жогору. Ал 1938-жылдын 10-ноябрда 56 жаш курагында бул дүйнөдөн өткөн. Ал эми мавзолейдин курулушу 1944-жылы башталып, 1953-жылы аяктаган. Иш соңуна чыкканча Мустафа Кемал Ататүрктүн сөгүн этнографиялык музейде сакташкан. Андан соң өзүнүн керээзи боюнча сөөгү күн чыгышты каратылып, түрк элинин желегин туштап жерге беришкен.     

Комплексти куруу үчүн мыкты делген долбоорлорго конкурс жарыяланып, ага 27 чет мамлекеттик, 20 түрк архитекторлору катышкан. Акыры улуттук коларитка жакын делип түрк архитекторлору Эмин Халид Онат жана Ахмед Орхан Арданын  проектилери тандалып алынган. Курулуш учурунда ошол кездеги экономикалык шартка байланыштуу бир катар өзгөрүүлөр болгон. Мисалы долбоор боюнча 2 кабаттуу имарат салуу каралган болсо, бир гана кабат болуп курулган. Бул тарыхий жайдын  жалпы аянты 750 миң чарчы метрди түзөт. Ал жакта мавзолей, музей, парк жана башка курулуштар бар. Бүгүнкү күндө мавзолейге зыярат кылууга келгендердин саны арбып барат. Алардын арасында биз болдук.

Айтор Анкарага болгон бул иш сапарыбыздын алкагында заманбап техника менен технологияны жакшы өздөштүрүп жаткандарын көрүп бир таңыркасак, келечек мууну үчүн тарыхты үйрөтүүгө өзгөчө маани бергендерин көрүп бир суктандык. Мавзолейдеги музейдин ичинен согуш талаасындагы көз ирмемдерди баяндаган, тиешелүү үндөр менен жабдылган 3D форматындагы заманбап сүрөттөргө туш болдук. Натыйжада мекенине ак дилинен кызмат кылган Түрктөрдүн Мустафа Кемал Ататүркүнүн эрдиктери тууралуу маалымат алган сайын эмнегедир бейпил турмушка умтулган, өз жерин башкалардан коргой алган элдин тарыхы көз алдыма тартылып турду...
 

"Түркия үнү" радиосунун интернеттеги окурмандары үчүн даярдаган

Адилет Дастан уулу                      

Анкара шаары 17-май 2018-жыл



Тектеш кабарлар